Интегралдык схема

Википедия дан

Интегралдык схема, интегралдык микросхема, микросхема(чип) – өтө кичине өлчөмдөгү (микроминиатюралык) электрондук түзмөк; элементтери (транзистор, диод, резистор, конденсатор жана башкалар) бир технологиялык циклде даярдалган, бири-бири менен ыңгайлуу өткөргүчтөр аркылуу байланышкан, бир гана жарым өткөргүчтүү кристаллдын ичинде же бетинде жайгашкан схемандан ичкери с. үзгүлтүксүз же дискреттүү электрдик, оптикалык жана башкалар белги түрүндөгү маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жөнөтүү кызматын аткарат. Курамына жана түзүлүшүнө карата ал микропроцессор, адаптер (көзөмөл) жана башкалар да боло алат. Интегралдык схеманы 1958-60-ж. С. К. Килби жасаган. Интегралдык схема камтыган элементтеринин санына жараша кичине, орточо, чоң жана өтө чоң; ал эми иштеп чыккан белгисинин түрүнө карата цифралык жана аналогдук болуп бөлүнөт. Интегралдык схема таза материалдан (кремний, германий) жасалат. Цифралык Интегралдык схема компьютердин логикалык жана эсте сактоо бөлүгүндө колдонулат. Аналогдук Интегралдык схема радио жана көрүнүш белгилерин, токту, чыңалууну пайда кылуу, күчөтүү жана түрлөнтүү максатында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]