Интеллигибелдүү
Интеллигибелдүү (лат. intel-ligibilis түшүнүлгөн, ойлонулган, ойдогу) – дүйнөгө таандык нерселерди интеллекттин же акыл-эстин жардамы аркасында гана түшүнүү. Интеллигибелдүү дүйнө деп рухий чындыкты чагылдырган идеялардын, идеалдардын, образдардын жана түшүнүктөрдүн дүйнөсү айтылат. Интеллигибелдүү Канттын пикири боюнча Интеллигибелдүүлүк сезимдер аркылуу эмес, акыл-эс менен гана түшүнүүгө мүмкүн болгон нерселер. Интеллигибелдүү Канттын философиясында нукура акыл (чистый разум). Интеллигибелдүү дүйнөгө жаратылыштын кубулушу болуп эсептелген физикалык нерселерди киргизбейт, ал эми тажрыйбалык акыл-эс (практический разум) адамдын жүрүм-турумунун негизин түзгөн идеалдуулуктардын баарын Интеллигибелдүү дүйнөгө киргизет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5