Интерактивдүү окутуу
Интерактивдүү окутуу – бул мугалим менен окуучунун жана окуучу менен окуучунун мамилелерин активдештирип, максаттуу пикир алышуу процесси. Бул билим берүү системасында окуучулар достору менен темаларды талкуулап, ар кандай иш-чараларга катышып, социалдык жактан өнүгөт. Технологияны эффективдүү колдонуунун аркасында окуу процесси жеңилдейт.
Интерактивдүү билим берүү катышууну жана активдүү болууну талап кылат. Ошон үчүн балдарда конкреттүү фокус пайда болот. Когнитивдик иш-аракеттер менен окуучулар көңүл ачат, үйрөнөт жана окууга болгон кызыгуусу артат.
Натыйжада, маалыматтын туруктуулугу жогорулайт. Окуучуга багытталган бул системада мугалим жол көрсөтүүчүнүн ролун аткарып, окуучулар менен дайыма байланышта болот. Мугалимдер класста өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу үчүн төмөнкүдөй ыкмаларды колдонот :
Интерактивдүү билим берүү системасында бирден ашык техника колдонулат. Бул ыкмалар менен окуу процесси жеңилдеп, сынактагы жетишкендиги жогорулайт.
1. Акыл чабуулу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Окуучулар тема боюнча ой бөлүшүп, пикир алмашат. Маселени же лекцияны чыгаруунун алдында жана андан кийин акылга чабуул жасоо чыгармачылык ой жүгүртүүнү жакшыртат жана өз оюн эркин билдирүүгө үйрөнөт.
2. Талкуу ыкмасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Талкуу ыкмасы менен студенттер темаларды талкуулашат жана карама-каршы же альтернативалуу идеяларды чыгарышат.
3. Оюн
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюн окуучунун предметке кызуугусун арттырат. Окуучу оюндун жардамында ойноп, күлүп олуттуу темаларды акылга түйө алат.
4. Көйгөй чечүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кайсы бир маселени чечүүгө көнүктүрүү психикалык булчуңдарды чыңдоо менен бирге интеллекттин жакшыртат.
5. Окшоштуктарды табуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Окуучулардын предметти жакшыраак түшүнүшү үчүн аны күнүмдүк турмушта көргөн, колдонгон нерселер менен салыштыруу сабакты бекемдөө үчүн колдонулат.
6. Көрсөтүп үйрөтүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мугалим адегенде муну кантип жасоо керектигин көрсөтөт, анан окуучулар мугалимин туурайт.
Интерактивдүү билим берүүнүн артыкчылыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эксперттик изилдөөлөргө ылайык, интерактивдүү билим берүү окуучулардын окуу жөндөмүнө 70%дан 94%га чейин салым кошот.
- Окуучулар активдүү билим берүү процессинде болгондуктан, алар көңүл буруусун жоготпойт, анткени алар сабак бою айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенишет.
- Бул студенттердин көңүл ачып, үйрөнүүсүнө багытталган. Ошондуктан алар сабак учурунда тажабайт.
- Мугалимдер ар кандай ойлорду уккусу келет. Студенттер өз ойлорун айтуудан тартынышпайт жана демилгелүү инсандардан болушат.
- Конкреттөө эксперименттер, аракеттер жана байкоолор аркылуу ишке ашат.
- Алар техниканы эффективдүү пайдаланууга үйрөнөт.
- Мектепти сүйгөн, билимге кызыккан инсан болуп чоңоёт.
Стандарттуу жана классикалык билим берүү системасынан айырмаланып, бул системада балдардын индивидуалдык сезими өнүгүп, социалдык, аналитикалык ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана эффективдүү мамиле түзүүгө ээ болот.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |