Интеракция

Википедия дан

Интеракция (анг. interaction, лат. inter – аралык, activus – ишкер) – социалдык психологияда жана культурологияда адамдардын өз ара алакасын, алардын бири-бирине өз ара таасир көрсөтүүсүн же топтордун бири-бирине тийгизген таасирин үзгүлтүксүз диалог катары чагылдырган термин. Дж. Миддин социалдык психологиясында Интеракция инсандар аралык “символ алмашуу” формасындагы тике коммуникация катары түшүндүрүлөт. Мындай пикир алмашуунун маанилүү өзгөчөлүгү болуп адамдын өзүн башкалардын ордуна кое билүү, башка адамдын сезим-туюмдарын түшүнө билүү жөндөмдүүлүгү эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]