Интервалдар методу

Википедия дан

Интервалдар методу – барабарсыздыкты чыгаруу ыкмаларынын бири. y = f (x) функциясы сан огунда аныкталсын жана үзгүлтүксүз болсун деп кабыл алынат. f (x) = 0 теңдемесинин тамырларын таап, алар сан огунда белгиленет. Бул чекиттер сан огун бир нече аралыктарга бөлөт. Аралыктарда функция белгисин сактайт. Белгисин аныктоо үчүн аралыктын бир чекиттеги белгисин аныктоо жетиштүү. Мисалы, барабарсыздыгын чыгарууда f(x)= функциясы x =-3, x =-2, x =0, x =1 чекиттеринде үзгүлтүккө ээ же нөлгө барабар болот. Бул чекиттер сан огун бир нече аралыктарга бөлөт (к. чийме), ар бир аралыктын ичинде f(x) функциясы белгисин сактайт. [1;] аралыгында алымдын жана бөлүмдүн бардык көбөйтүндүлөрү оң, ошондуктан f(x) > 0; ]0; 1[ аралыгында x -1 көбөйтүүчүсү гана терс, калган көбөйтүүчүлөр оң, башкача айтканда f(x)< 0; ушул сыяктуу эле [-2; 0] дында f(x) > 0 ; ] -3; -2 [инде f(x) < 0; ал эми ]- ; 3[ аралыгында f(x) > 0. Жыйынтыгында f(x) функциясы [[]2;0[]l; [ аралыктарында оң, башкача айтканда берилген барабарсыздык ушул аралыктарда гана чыгарылышка ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]