Интервенция

Википедия дан

Интервенция (лат. interventio – келем, кийлигишем) – эл аралык укукта мамлекеттин ички жана тышкы саясатына башка бир же бир нече мамлекеттин кийлигишүүсү. Башка мамлекеттин жерин басып алуу, экономикалык күнкорлукка дуушарлантуу интервенциянын негизги максаты. БУУнун Уставында белгиленген мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибине (2-статья, 4-пункт) ылайык кандай гана себеп менен болсо да башка мамлекеттин ишине кийлигишүүгө, анын саясий көз карандысыздыгына коркунуч туудурууга, чек арасын бузууга бир да мамлекеттин акысы жок. Күч менен зордоо жана опузалоо эл аралык маселелерди жөнгө салуучу каражат болбоого тийиш. Ар бир талаш маселе тынчтык жол менен чечилиши (БУУнун Уставы, 2-статья, 3-пункт) зарыл. Интервенциянын аскердик (куралдуу), саясий, идеологиялык жана башкалар түрлөрү белгилүү. Аскердик интервенцияда көбүнчө согуш жүргүзүүнүн мыйзамдары, салттары бузулуп, калкты жазалоо акциялары жүргүзүлүп, улуттук байлыктар тонолуп жана көптөгөн кыйроолорго алып келет. Аскердик (куралдуу) интервенция ачык же жашыруун түрдө болот. Ачык аскердик интервенцияда бир мамлекеттин же мамлекеттер коалициясынын куралдуу күчтөрү башка мамлекеттин аймагына басып кирет. Жашыруун аскердик интервенцияда козголоңчулар керектүү куралдар менен камсыз болуп, башка мамлекеттин аймагында согушка даярдалат. Саясий интервенцияда төңкөрүштөр, жашыруун саясий топторго жардам көрсөтүү, мамлекеттик жана саясий ишмерлерге пара берүү, өткөрүлүп жаткан шайлоолорго кийлигишүү, диилимий кысым көрсөтүү жана башкалар ыкмалар колдонулат. Идеологиялык интервенцияда ММК колдонулуп, ар кандай мазмундагы адабияттар, ушактар таратылып, расалык жана улуттук жаңжалдар, чыр-чатактар, конфликттер күчөтүлөт. Интервенциянын ар кандай формасына жол бербөө максатында 1965-ж. БУУнун Ассамблеясынын 20-сессиясы атайын Декларация кабыл алган. Учурда эл аралык укук интервенциянын бардык түрлөрүн мыйзамсыз деп таап, ага тыюу салууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]