Интериоризация

Википедия дан

Интериоризация (лат. interior – ички) – адамдын психикасынын ички структурасын сырткы социалдык ишмердүүлүктүн формаларын өздөштүрүү аркылуу калыптандыруу. Аталган түшүнүк француз психологдору Пьер Жан, Жан Пиаж, Анри Валлон тарабынан илимге киргизилген. Аталган авторлор Интериоризация түшүнүгү аркылуу индивиддер ортосундагы мамилелердин психиканын ички структураларында чагылышын жана аң-сезимдин ички планын аныктаган аң-сезимсиздиктин калыптануусун түшүндүрүүдө пайдаланышкан. Выготскийдин пикири боюнча Интериоризация индивид тарабынан адамдык баалуулуктарды жана руханий байлыктарды өздөштүрүү аркылуу психиканын чыныгы формаларын калыптандыруу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]