Интернационал (биринчи)

Википедия дан

Интернационал (биринчи) - (Жумушчулардын эл-аралык шериктештиги ) жумушчулардын эл аралык биринчи уюму. 1864-ж. 28-сентябрда Лондондо уюшулган К. Маркс менен Ф. Энгельс негиздеген. Жумушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, циркуляр жана чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык жана тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жумушчу табы капитализмди ойрондоочу жана социализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн, социалдык революцияда саясий бийликтин (пролетариат дпктатурасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи интернационалдын ишине туруктуу комитети бар Генералдык Совет жетекчилик кылган, ал Европадагы негизги өлкөлөрдөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдөрүнүн улуттук секцияларына (федерацпяларына) таянып иш алпарган. 1870-ж. биринчи интернационалдын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү токтогон, 1876-ж. уюм таркатылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]