Интернет-дүкөн
Интернет-дүкөн – (англ. “online shop” же “e-shop”) – интернетте товарлар менен соода жүргүзүүчү сайт. Интернет аркылуу сатууну уюштурууда, сатылуучу буюмдарды көрсөтүүдө электрондук каталогду колдонуучу Web сайттын түрү. Кардар товарга атайын толтуруу жана башкалар аркылуу суроо-талап жиберет. Учурда көптөгөн дүкөндөрдүн соода түйүндөрүнөн тышкары интернетте түз байланыштагы өкүлчүлүктөрү бар. Ошол өкүлчүлүктөрү аркылуу дүкөнгө барбай эле товарга заказ берип, үйүңүзгө алдыртып алууга болот. Төлөө интерактивдүү төлөм системалары, банк же почта аркылуу жүргүзүлөт[1].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Интернет-дүкөн – 1990-жылы Тим Бернерс Ли биринчи дүйнөлүк интернет тармагынын серверин жана браузерин түзгөн. Ал ресурс коммерциялык колдонууга 1991-жылы берилген. 1994-жылы биринчи интернет-дүкөн “Пицца Хат” (“Pizza Hut”) онлайн пицца дүкөнү ачылган. Ошол эле жылы Германиядагы “Интершоп” (“Intershop”) компаниясы элди өзүнүн биринчи онлайн соода системи менен тааныштырган. 1995-жылы америкалык “Амазон” (“Amazon”) компаниясы интернет-дүкөнүнүн сайтын ишке салып, 1 жылдан кийин эң популярдуу “иБэй” (“eBay”) интернет-дүкөнү пайда болгон. 2011-жылдын статистикасына таянсак, дүйнөдө интернет ресурстарын колдонуучулар 2 миллиарддан ашкан. Бул сандар эмнеден кабар берет? Албетте, учурдагы интернеттин жана ошо менен бирге электрондук дүкөндөрдүн күч алуусун. Мисал катары айта кетсек, “иБэй” интернет-дүкөнүнүн бир жылдык таза кирешеси – 3,2 миллиард доллар.
Кантип сатып алууга Болот?
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Интернет-дүкөндөн бир нерсе сатып алуу үчүн 3 нерсени аткаруу зарыл: тиешелүү сайтка кирип товарга заказ берүү, төлөө түрүн жана кантип жеткирип берүүсүн тандоо. Айрым сайттарда заказдар телефон, электрондук почта жана башка маалымат алмашуучу кызматтары аркылуу кабыл алынат. Ал эми төлөөнүн кеңири тараган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- Банк картасы – накталай эмес төлөөнүн түрү.
- Банктык которуу – банктын төлөө табыштамасы аркылуу дүкөндүн эсептик счётуна товар үчүн акча которулат.
- Накталай – курьерге төлөнөт.
- Моменталдуу төлөм терминалдары – төлөм көчөдө же имараттардын ичинде орнотулган терминалдарда жүргүзүлөт.
- SMS-төлөмдөр – кардар системде көрсөтүлгөн реквизиттер жана төлөмдү тастыктоо менен sms жиберет.
Коомго зыян берүүчү дүкөндөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Интернет-дүкөндөрдөн тамак-аш, чарба буюмдары, техника, кеңсе товарлары, косметика жана башкалардын баарын сатып алса болот. Тилекке каршы, дүйнөлүк интернет желесинде интернет-дүкөндөрдүн мыйзамсыз сайттары да жок эмес. Ал жактан тыюу салынган ок атуучу куралдарды, жасалма документтерди, уурдалган банктык карталарды, баңгизаттарды тапса болот. Бул коомго тийгизген терс жагы.
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5