Интерферометр

Википедия дан

Интерферометр - толкундун интерференция кубулушуна негизделген өлчөгүч прибор.

Интерферометр өлчөнүүчү толкундун табиятына карата акустикалык Интерферометр жана электр-магниттүү толкундун Интерферометри болуп айырмаланат. Кийинкиси оптикалык диапазондогу (спектрдин ультракызгылт кек, көрүнгөн жана инфракызыл областы) жана түрдүү узундуктагы радиотолкундар үчүн колдонулат. Акустикалык жана радиоинтерферометрлер үндүн жана радиотолкундардын таралуу ылдамдыгын, толкун чыгаруучу эки булак ортосундагы аралыкты же булак жана толкунду чагылдыргыч нерсенин ортосундагы аралыкты ченөөдө пайдаланылат.

Оптикалык Интерферометр спектрдеги сызыктардын толкун узундугун, тунук чөйрөнүн сынуу көрсөткүчүн, узундуктун абсолюттук жана салыштырма маанилерин, ошондой эле жылдыздардын бурч өлчөмүн өлчөөдө колдонулат.

Бардык Интерферометрдин иштеш принциби бирдей, бирок алар бир биринен когеренттүү толкундарды алуу ыкмасы жана кайсы чоңдукту түздөн түз өлчөөрү менен айырмаланат. Интерферометрде когеренттүү толкундарды алуу методдору түрдүү болгондуктан алардын конструкциясы да ар кандай. Интерференция берүүчү нурдун санына жараша оптикалык Интерферометр көп нурлуу жана эки нурлуу болуп бөлүнөт. Майкельсондуку эки нурлуу, ал эми Фабри - Перонуку көп нурлуу Интерферометр болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.