Мазмунга өтүү

Интерьер

Википедия дан

Интерьер (французча  intérieur, сөзмө-сөз ич жагы, ички бөлүгү; «интэрьер» деп окулат) – атайын мааниде – 1) көркөм сүрөт искусствосунун өзгөчө жанры, ички архитектуралык мейкиндиктер – бөлмө, зал, анфилада жана башка жасалгалоого арналган. Адамдын фигурасына И-де экинчи орун берилет жана ал стаффаждын ролуна жакындашып кетет. И. VII кылымдагы голландиялык сүрөт мектептеринин чыгармаларында көп кездешет, ал эми орус көркөм искусствосунда Венецианов мектебинин иштеринде жолугат. И. жанрына тиешелүү кээ бир графика жана живопись чыгармалары да И. аталат (мисалы, А. Г. Венециановдун эмгектери). 2) жасалга-колдонмо көркөм искусствосунда – имараттын ичин жасалгалоо, кооздук берүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]