Интразоналуулук

Википедия дан

Интразоналуулук (лат. intra ичинде жана гр. zone алкак, зона) – бир жаратылыш зонасынын ичиндеги (аймагындагы) ар түрдүү (жергиликтүү) геосистемалардын калыптанышы. Мисалы, тайгадагы же тундрадагы мамык чөптүү саз, талаа зонасындагы шор баскан аянтчалар жана башкалар Алар түрдүү өзгөчө шарттардын (ашыкча нымдуулуктун, тоо тектердин өзгөчөлүктөрдүн) натыйжасында пайда болуп, ал зонага мүнөздүү ландшафттардан ээлеген аянттары боюнча кыйла чакан келет. «Интразоналуулук» термини негизинен топурак кыртышына жана өсүмдүктөрүнө, ландшафтынын морфол. түзүлүшүнө карата колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]