Интуиция

Википедия дан

Интуиция - чындыкты түздөн-түз таанып-билүү менен түшүнүүнүн өзгөчө жолу.

Интуициянын маанисин мистикалык трактовкалоодо «сезим», «ишеничке батып кубануу» деген түшүнүктөр пайдаланылат. Маселенин логикалык күч алышы аркылуу көпкө чейин аныкталбаган чыгарылышынын күтүлбөгөн жерден дароо табылышы, коркунучтан кутулуунун бирден бир туура жолун көз ачып жумганча табуу, адамдын жүрүш-турушун, ойлорун жана мотивдерин тез, катасыз таба билүү, ачык көрүнүүчү кыймылдардын жана физиономиялык белгилердин өзгөчөлүктөрүн дароо байкап түшүнүү, байкалбай турган жана билинер-билинбес болуп бүдөмүк сезилүүчү белгилердин негизинде алдыда боло турган окуялардын тенденцияларына күн мурунтадан таң калуу ж. у. с. кубулуштарды Интуиция областына таандык кылуу кабыл алынган. Чыгармачылык процесстин (музыкада, живописте, скульптурада, поэзияда, сценалык искусстводо, окумуштуулардын жана ойлоп табуучулардын ачылыштарында) мазмунун анализдеп, ачып көрсөтүү боюнча жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдө Интуиция түшүнүгү дайыма эң кеңири пайдаланылат. Чыгармачылыктын психологиясы жөнүндөгү адабияттарда Интуициянын маанисин иллюстрациялоочу көп мисалдарды кездештирүүгө болот, аларда: чыгармачылык менен изденүү моменттеринде, чыг-лыктуу ойлордун пайда болуу мезгилинде, же тескерисинче мүмкүн болгон көп чечимдердин бирөөн тандап алуунун алдында адамдын күмөн саноо жана өзүнө өзү ишене албоо, олку-солку болуу абалында Интуициянын пайда болушунун конкреттүү мисалдары көп. Кээде сезимсиз, аткарылышынын мотиви сезимталдуу далилдениши менен кыймылдардын, тартип бузуунун жашыруун түрткүнчүктөрүнүн кайдан келип чыга тургандыгын ачып билүү б-ча жасалган аракеттерде Интуициядан пайдаланышат.

Интуиция түшүнүгү менен белгиленүүчү кубулуштар эзелтен бери билимдин ар түрлүү тармактарында эмгектенишкен окумуштууларды жана ойчулдарды кызыктырган. Адегенде Интуиция деп түздөн түз сезүү аркылуу таанып-билүүнү түшүнүшкөн. Философиялык ойлордун өсүү процессинде И. түшүнүгү улам барган сайын такталып, улам жаңы белгилер менен өркүндөтүлүп отурган.

Таанып-билүүнүн методу катарындагы Интуициянын маанисин толугураак жана тереңирээк ачып көрсөтүү үчүн аны таанып-билүүнүн башка методдору менен салыштырып көрүүгө туура келет. Таанып-билүүнүн тикеден тике ишке ашырылуучу формасы катары Интуицияны таанып-билүүнүн түздөн түз эмес, кыйыр, дискурсивдик формасына карама-каршы коюп салыштыруу кабыл алынган. Таанып-билүүнүн дискурсивдик формасы болсо Интуициядай тезинен эмес, узакка созулган убакыт ичинде ишке ашат.

Чындыкты интуитивдүү эмес, кыйыр жол менен таанып-билүү дегенибиз – бул ал чындыкка кокустан, ойлонбостон, кебелбестен логикалык операциялардын тизмегинде бир баскычтан экинчи баскычка акырындык менен өтүүгө мүмкүндүк берүүчү ойлонуу аракеттеринин белгилүү ыкмаларынын жардамы менен келүү дегендикке жатат.

Интуицияны таанып-билүүнүн дискурсивдик жолу менен салыштыруу жана чындыкты ачып көрсөтүү, филос. ойдун алдына таанып-билүүнүн бул эки формасынын баалуулугу ж-дөгү маселени койду. Бул маселени чечүү жолунда карама-каршы ой-пикирлер келип чыккан. Ойчулдардын бири Интуициянын таанып-билүүчүлүк баалуулугун жокко чыгарышкан же анын маанисин өтө жупуну кылып көрсөтүшкөн. Экинчилери – интуитивисттер болсо, тескерисинче, Интуицияны таанып-билүүнүн эң өркүндөтүлгөн жолу деп эсептешкен, алардын концепциясы боюнча Интуиция таанып билүүнүн интеллектуалдуу жолунан (анын логикалык аппаратынын жана ойлонуу аргументациясынын бүткүл байлыгына карабастан) артыкчылык кылат. Бири-бирине диаметриалдуу карама-каршы бул эки көз караштан тышкары Интуиция көйгөйүн трактовкалоого өздөрүнүн кошумча сапаттарын киргизген башка да көз караштар бар. Материалисттик илим таанып билүүнүн формаларынын ар түрдүүлүгүн жана чындыкты билүүнүн жолдорунун ар түрдүүлүгүн танбайт, о. эле Интуицияны таанып-билүүнүн дискурсивдик жолуна карама-каршы койбойт. Бирок Интуиция кубулушун материалисттик түшүнүү баарыдан мурда тикеден тике жана кыйыр жолдор менен алынуучу билимдердин байланыштуулугу жөнүндөгү көйгөйдү тактоону, алардын арасында түзүлүүчү катнаштарды таанып-билүүчүлүктүн жана практикалык ишмердүүлүктүн жандуу, динамикалык процесстеринде деп түшүнүүнү көздөйт. Бул проблема эң кыйын жана толук изилденле элек көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү этаптарында түздөн түз жана кыйыр таанып-билүүлөр түрдүүчө боло тургандыгы гана белгилүү.


Интуиция (интуитивдик) – ырчынын эс тутумундагы дискурсивдик маалыматтардын ыр формасында өтө тездик менен берилиши, ылайыктуу ыр саптарын таба билиши.Көркөм-поэтикалык интуиция ой жүгүртүүгө байланышып, ар бир ырчыда өз алдынча чагылат. Ырчыларда, чечендик өнөрдө өнүгүп келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,


П. Ирисов Ырчылар чыгармачылыгы Б. 2004