Инфократия

Википедия дан

Инфократиямаалымат бийлиги. «Коомду малыматташтыруу авторитардык агымдарды күчөтүп, акыр аягы диктатурага алып келбейби» – деген маселе жаңы олуттуу саясий проблемалардын бирине айланды. Көп сандаган жана ар түрдүү маалыматтарга борборлоштурулган көзөмөл орнотсо болот, анткени маалыматтардын чоң жана кичине банктары жана базалары компьютердик телекоммуникациялык түйүн аркылуу бири-бири менен байланышта турат. Компьютердик түйүндөн пайдаланганда, бир жагынан, ар бир жаран жөнүндө так маалымат алуу, ал эми экинчи жагынан эл массасын ары-бери калчоо жөндөмдүүлүгү тездик менен өсүүдө. Башкаруучу чөйрө өзүнө керектөөлөрдүн баарын билген, ал эми калгандары эч нерсе билбеген абал түзүлүп калышы да мүмкүн. Көпчүлүк тарабынан маалыматты чогултуу аркылуу алынган саясий бийлик тикелей турмушка ашырылбайт, ал мыйзам чыгаруучу жана өкүлчүлүк бийликтерди азайтуу жана аткаруучу бийликти күчөтүү аркылуу жүрөт деп маалымат сферасындагы өнүгүү тенденциядарынан улам болжолдоого болот. Ушундай жол менен түзүлгөн бийлик жүргүзүүчү элита өзүнчө бир «Инфократия». болуп калышы мүмкүн. Мында бийликтин булагы, негизи элитанын калк алдындагы сиңирген эмгеги эмес, маалыматтарды пайдалануунун чоң, кеңири кеңири мүмкүнчүлүктөрү болуп калат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9