Мазмунга өтүү

Иовчук, Михаил Трифонович

Википедия дан

Иовчук, Михаил Трифонович (1908–1990) – философ, философия илимдеринин доктору (1946), проф. (1939), СССР илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (1946). Философиянын тарыхы, марксизм-ленинизмдин тарыхы, тарыхый материализм, маданий теориянын проблемалары менен байланышкан илимий эмгектерди түзгөн. Негизги эмгектери орус философиясынын тарыхына жана марксизм-ленинизмге арналган. 18–19-кылымдардагы орус материализминин тарыхы, өзгөчө 19 кылымдагы орус революциячыл демократтардын материалисттик философиясынын марксизмге чейинки философиядагы жана коомдук ойломдогу орду тууралуу олуттуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Совет коомунун маданий өнүгүү проблемалары башкача социологиялык изилдөөлөрдүн автору. Иовчук, Михаил Трифоновичтун редакторлугу астында Белинскийдин, Добролюбовдун, Плехановдун, украин философ-революциячыл демократтардын тандалма философиялык чыгармалары, Плехановдун «Адабий мурасы» (бул басылмалардын кириш бөлүгүндөгү макалалардын автору Иовчук, Михаил Трифонович болгон), Герцендин, Огаревдун жана башкалар тандалма философиялык чыгармалары басылып чыккан. Иовчук 6 томдон турган «Философиянын тарыхы» аталган басылманын (көп сандаган чет тилдерине которгон), «Философиялык энциклопедиянын» авторлорунун жана редакторлорунун бири.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекетик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).- Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8