Иондоо толкуну

Википедия дан

Иондоо толкуну – төмөнкү температуралуу плазмада – ичке чегаралык бетке – толкун фронтуна бөлүнгөн ар түрдүү концентрацияда болуп заряддалган бөлүкчөлөр топтолгон аймак.

Толкун фронтунда заряддалган бөлүкчөлөрдүн топтолушу фронттун алдындагы жана артындагы маанилеринен кескин өзгөрөт. Иондоонун бир фронтунан турган толкундардан башка заряддалган бөлүкчөлөрү түрдүүчө топтолгон аймагы мезгилдүү алмашма толкундар да болот. Андай Иондоо толкуну страттар деп аталат. Иондоо толкуну туруктуу жана кыймылдуу болот. Иондоо толкуну плазмадагы иондоо даражасынын өзгөрүшү менен байланышкан. Ион тыгыздыгынын дүүлүгүүсү мейкиндик зарядын пайда кылат жана электрондун орточо энергиясын өзгөртүүчү электр талаасын жаратат. Ошондуктан иондоо ылдамдыгы жана заряддалган бөлүкчөлөрдүн топтолушу акырындык менен өзгөрөт (азаят). Бул процесстердин бардык тизмеги дүүлүгүүнүн таралышына алып келет. Иондошуу жана рекомбинация процесстеринин кинетикасы, ташылуунун багыты, газдардын тегине жана сырткы электр-магнит талааларына байланыштуу өтө ар түрдүү болгондуктан Иондоо толкунунун касиеттери да, алардын кыймылдарынын ылдамдыгы жана багыты да өтө ар түрдүү болот. Иондоо толкунунун көп түрлөрү бар: топ толкунга каршы багытталган фазалык ылдамдыктуу тескери толкундар, фазалык ылдамдыгы топ толкундукуна караганда чоң же кичине түз толкундар, о. эле бир катар аралык типтеги толкундар. Иондоо толкуну түрдүү курамдагы плазмада байкалат. Иондоо толкунунун таралуу ылдамдыгы нөлдөн жарыктын ылдамдыгына чейинки кенен диапазондо өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]