Иондоштуруучу камера

Википедия дан

Иондоштуруучу камера – заряддалган бөлүкчөнүн газды иондоштуруу аракетине негпзделген детектор. Иондоштуруучу камера түрдүү нурлануунун пзпн түшүрүүдө жана изилдөөдө колдонулат. Ал газ толтурулган экп электроддуу (жалпак, сфера же цплпндр түрүндөгү) жылчыксыз пдпштен турат. Электроддорго 100-1000 В турактуу чыңалуу берплет. Нурлануу болбосо, газдын каршылыгы жогорулайт да чынжырда ток пайда болбойт. Заряддалган бөлүкчө Иондоштуруучу камера аркылуу өткөндө газдын атомдорун пондоштурат. Электр талаасынын таасиринен ион жана электрон электродго которулат жана Иондоштуруучу камеранын чынжырынан электр тогу өтөт. Эгерде чыңалуу аз болсо, иондун жана электрондун көп бөлүгү аралашат да, чыңалуунун сызыктуу арбышы менен ток көбөйөт. Кандайдыр бир U1 чыңалууда иондор менен электрондор электродго өтөт да ток каныгат. Чыңалуунун андан ары көбөйүшү токту көбөйтпөйт. Ал турактуу бойдон калат жана нурлануу булагынын ургалдуулугу менен аныкталат. U1>U2 болсо, токтун чоңдугу газдагы атом ионунун электрон менен кагылышуусунан өсөт. Ток турактуу токтун күчөткүчтөрү аркылуу күчөтүлөт. Эгерде заряддалган бөлүкчөлөр Иондоштуруучу камерага аз түшсө, анда ток үзгүлтүксүз акпастан, айрым кыймыл саны түрүндө агат. Иондоштуруучу камера дозиметрияда, ядролук жана космос техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]