Иондук байланыш
Иондук байланыш же электроваленттик байланыш — химиялык байланыштар бир түрү. Иондук байланыш карама-каршы заряддалган иондор электрстатикалык өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Мындай байланыш щёлочтуу металлдар галогенидинде даана байкалат, мисалы: КF. химиялык элементтердин мезгилдик тутумунда топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaCl караганда АlCl3 иондук байланышынын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени, ар бир ион тегерегинде багыттар боюнча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки иондор өз ара аракеттенишсе, алар бири-биринин зарядынын күчтүк талааларын толук канааттандырбайт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор менен аракеттенишет. Демек иондук байланыш каныкпастыгы менен мүнөздөлөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы заряддуу иондун максималдуу санынын курчоосунда болот. Мисалы, натрий ионунун тегерегинде хлор алты иону жайгашышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эриткичтерде жакшы эрийт, диссоцияланат, электр тогун жакшы өткөрүп, электролизденет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6