Иондук реакциялар

Википедия дан

Иондук реакциялар — эритмедеги иондор өз ара хим. аракеттениши. И. р. орун алмашуу, нейтралдашуу, окистенүү-калыбына келүү жана гидролиз реакциялары кирет. Алар иондук теңдемелер менен туюнтулат. И. р. ишке аш-кан учурлар: 1. Сууда эрибеген же өтө начар эриген заттар пайда кылуу менен жүргөн реакциялар: Аg++NO3-+К++С1- АgСl¯+K++NO3- же Ag+ +Cl- = AgCl ¯

2. Газ абалындагы заттарды пайда кылуу менен жүргөн реакциялар:

NН4++ Сl-+ Н2О® ­NН,+ Н2О+ Н+ +С1- ;

NH4++H2O ® ­ NH3 +H2O

3. Хим. реакция продуктуларынын бири начар электролит болгон процесстер:

Na++ СН3СОО-+ Н++ Сl ® СН3СООН + +Na++ Сl-; СН3СОО-+ Н+® СН3СООН жана башка Жыйынтыктап айтканда, И. р. жүрүш үчүн реакциянын натыйжасында пайда болуучу заттар аз диссоциациялануучу, начар эрүүчү, газ түрүндө болуш керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]