Ионик ордери –
Ионик ордери – грек жана рим системаларына бирдей тиешелүү архитектуралык ордерлердин бири. Оордук жана жеңилдик деңгээл чектеринде өтө кубаттуу жана оор доридалык ордер менен сымбаттуу жана жеңил коринф ордеринин ортосундагы ортоңку орунду ээлейт. Базаны сөзсүз түрдө колдонот; кескин жарык-шаңдык контрасттарды жумшартуучу фусттагы каннелюрлары жолчолорго бөлүнгөн. Капитель өз алдынчалыкка ээ: иониктер менен кооздолгон эхин менен жука профилденген абаканын ортосунда мүнөздүү волюталары менен жаздыкча жайгашкан. Архитрав тигинен бири-биринен бир аз алга чыгып турган 3 кенен тилкеге (фасцияларга) бөлүнгөн, ал эми карниз төмөн жагынан дентикулдар менен кооздолгон. Байыркы Грецияда (биздин заманга чейин VI–V кылымдар) И. о-нин 2 варианты калыптанган. Кичи азиялык вариант. (Кичи Азиянын грек аймактарында кеңири тараган) ал түркүктүн иониктик базасынын жана фриздин жоктугу менен айырмаланат; аттикалык вариант (Грециянын европалык бөлүгүндө пайда болгон жана кийинчерээк негизги вариант болуп калган). Бул вариантка сүрөттөр менен кооздолгон, абдан жакшы өнүккөн фриз жана аттикалык база (бардык ордерлерде колдонулуп, кийинчерээк универсалдык мааниге ээ болуп кеткен) мүнөздүү. Архитектуралык-теориялык эмгектерде Витрувийдин (б. з. ч. Iк.) мезгилинен баштап эле иониктик түркүктөн сулуу, келишкен аялдын образын, ал эми И. о-ди анын грацияларынын чагылдырылышы катары кабыл алып келишкен. Бул символика И. о-ди колдонууга чек койгон. И. о. башка ордерлер менен бир фасадда айкалыша, орто оордуктагы ордер катары, тоскана жана доридалык ордерлерден жогору, бирок коринф жана композит ордерлеринен төмөн жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004