Иптаров, Сабыр

Википедия дан
Иптаров Сабыр

Иптаров Сабыр (20.11.1956-ж. т., Кочкор району, Мантыш айылы) — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992).
1979-ж. КМУнун филология факультетин бүткөн.
1979—85-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун аппаратында улук консультант, бөлүм башчы, 1986-жылдан билим берүү системасында, 1995-жылдан Кыргыз билим берүү институтунда этнопедагогика бөлүмүнүн жетекчиси. "Көркөм маданият: түшүнүктөр жана терминдер" (1989), "Үй-бүлө — тиричилик маданияты" (1990), "Этнопедагогикалык сөздүк" (1997) жана башка эмгектердин, илимий жана публицистикалык макалалардын автору. Бир катар окуу китептерин жазган жана көркөм чыгармаларды которгон. Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги. Эл аралык Айтматов клубунун ассоциациясынын вице-президенти. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрк жана кыргыз дүйнөсүнөн-3(жеткиликсиз шилтеме)
Кыргыз желегинин авторлору карама-каршы пикирде