Ип Мен

Википедия дан

Ип Мен — ...

ИП МЭН – БРЮС ЛИни МАШЫКТЫРГАН УЛУУ МАСТЕР

Дүйнөгө “Гонг Сао Вонг” (кол менен сүйлөшүүнүн королу) титулунун ээси, бардык беттешүүлөрдө атаандаштарын тизелеткен, чыныгы элдик чемпион катары белгилүү болгон Винг Тсундун 9 жаштагы 16-окуучусу Ип Мэн дүйнөгө өзүнүн окуучусу, киноактер жана уруш өнөрүнүн мыкты чебери Брюс Линин машыктыруучусу катары гана атак-даңкка жеткен десек өтө жаңылышкан болобуз. Биринчи кезекте Ип Мэн уруш өнөрүнүн дүйнөлүк маанидеги чебери болгон. Өзүн дүйнөгө тааныткан атактуу машыктыруучу - устаты Винг Тсундун уруш өнөрү боюнча көптөгөн ыкмаларын бир системага келтирүүгө жана аны өнүктүрүп улантууга чоң салым гана кошпостон, ошол устатынын уруш өнөрү боюнча колдонгон ыкмаларын анын ысмы менен – Винг Тсун деп атап, бул спорттун түрүн дүйнөгө таркаткан көптөгөн атактуу окуучуларын машыктырат. Ип Мэн өзүнүн устатынын ысмы менен атаган уруш өнөрүнө өзүнүн да көптөгөн жеке кошумча-өзгөртүүлөрүн да киргизген.

ИП МЭНДИН ӨТКӨН КҮНДӨРҮ

Ип Мэн экинчи дүйнөлүк согуштун алдында Түштүк Кытайдын Фошань шаарындагы бай уруунун мүчөсү болгон. Анын шаардагы заңгыраган чоң үйү, көптөгөн соода дүкөндөрү, кыштактагы короо-жайы анын үй-бүлөсүнүн эч нерседен кыйналбай жашоонун рахатын көрүп, өмүр сүрүүлөрүнө өбөлгө түзөт. 1937-1941-жылдары Ип Мэн кытай армиясында кызмат өтөйт. Ошол мезгилде Кытайга кол салган япондор жеңишке жетишип, Ип Мэн элине кайтат. Согуштун кесепетинен анын кыштактагы чарбачылыгы талоонго учурап, аялы да катуу ооруп калат. Кытайдын улуттук өкмөтү капитан Ип Мэнди Намхой кыштагындагы полиция кызматына иштөөгө чакырышы ага өтө пайдалуу болот. Тагыраак айтканда, ал кызматынын көмөгү менен согуштун кесепетинен талкаланган чарбачылыгын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

1949-жылы өлкөгө Коммунисттер бийликке келгенде Ип Мэн бой жеткен эки уулун Фошанга калтырып, өзү Гонконгго качып кетет. Антпесе ал өзүнүн аткарган кызматы боюнча өлүм жазасына тартылмак. Ошол кезде Ип Мэн 50 гана жашта болгон. Ошентип 50 жашка келген адам жаңы жашоосун түптүз жерден баштайт. “Бийликке коммунисттер келгенде, - дейт анын окуучусу Вильям Чеун. - Ал негизги байлыктарынан кол жууйт. Анын жанында алып кетүүгө үлгүргөн – алтындары, акча, алтындан жасалган буюмдары эле калат. Фошань Гонконгго салыштырмалуу өтө кичинекей шаарча болгону менен анда алдамчылар көп эле. Ошондой алдамчыларга жолуккан Ип Мэн өзүнүн бир топ акчасынан, баалуу буюмдарынан кол жууйт. Үйүнөн, аялынан айрылган Ип Мэн бул жашоого өтө иренжийт. Кечээки бай, мурдагы полиция кызматкери чыныгы жакырга айланат.

Оор турмушту кечирип жаткан Ип Мэнди Леу Шеун жана Чен Као деген кытайлык балдар Мако шаарынан таап алышат. Бирок, алар бул адам уруш өнөрүн мыкты билген атактуу мастер Ип Мэн экендигин эч билишпейт. Ага өтө боорукердик менен мамиле кылышып, өздөрү жашаган жумушчулар ресторан Союзунун кеңсесине ээрчитип келишет.

Аталган мекемеде алгачкы сабагын Ип Мэн бир гана Леу Шеун, Лук Юу жана Чен Као менен өткөрөт. Кийинчерээк аларга дагы бир топ окуучулар келип кошулат. Леу Шеун Винг Чун деген уруш өнөрүн үйрөнгөнгө чейин кунг-фу менен алектенип жүргөндүктөн, башка окуучуларга караганда тезирээк үйрөнөт. Ип Мэн ар дайым окуучуларын жыгачтан жасалган манекен менен машыктырат. Өткөрө турган сабагынын эч кандай планы да болгон эмес. Анын окуучу жардамчылары өздөрү тандаган гана уруш өнөрү боюнча машыгышкан.

БРЮС ЛИнин ЭСКЕРҮҮСҮ

“Брюс Ли – мен гана билген адам” деген китебинде Линда Ли жолдошу Брюс Ли 1961-жылы англис тили мугалимине жазган каты жөнүндө мындайча эскерет. “Кунг-фу искусствосун үйрөнгөн өтө оор, 4 жылдан кийин гана мен атаандашымдын мага карата катуу соккуларын азыраак күч менен гана четтетүүнү түшүнө баштадым. Буга чейин мен беттешүү учурунда оюм чаржайыт жана туруктуу эмес эле. Өзгөчө атаандашым менен бир аз колу-бутум менен урушкан кезде менде жумшактык, аёо деген сезимден эч нерсе калчу эмес. Ошол учурда менде бир гана эмне болсо да, мен аны жеңишим керек” деген катаал ой мени бийлеп алчу. “Менин машыктыруучум, окутуучум Винг Тсун мектебинин башчысы Ип Мэн бир жолу мага жакын басып келип: “Лун, өзүңдү бош кармап, оюңду тынч алдыр, өзүң жөнүндө унутуп, атаандашыңдын кыймылынан эч көзүңдү алба, эч качан жаратылышка өзүңдү каршы койбо. Бул жумада машыкпай эс ал. Үйүңө бар да мен айткандар жөнүндө ойлон”,-деди. БАЛАЛЫК ЖАНА ҮЙРӨНҮҮ МЕЗГИЛИ Ип Мэн 1893-жылы Фоншань шаарында аристократтын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Тилекке каршы, ал үй-бүлөдөгү кенже уул катары ата салтын улап коомдогу өз ордун, көптөгөн капиталдын ээси болууну каалабады. Бирок, Ип Мэн кытай салты боюнча мыкты билим алат. Алган билиминин көбүрөөгүн уруш өнөрүн мыкты өздөштүрүүгө арнайт. Ип Мэн алты жашында кунг-фу – Вин Чунь уруш өнөрү боюнча белгилүү мастер Чан Ва Шуняга окуучу болот. Ип Мэн 12 жашка чыкканда устаты кайтыш болот. Чан Ва Шуняндын өтүнүчү боюнча Нг Чан Со Ип Мэндин экинчи устат-мастери болуп калат. 1908-жылы 15 жашка чыккан Ип Мэнди мыктыраак билим алышы үчүн Гонконгго ыйык Стефан колледжине жөнөтүшөт. Гонконгдо жүргөндө Ип Мэн белгилүү мастер Леун Цзандын уулу Леун Бик менен таанышып, анын жардамы менен кунг-фу Вин Чундун өзүнө белгисиз көптөгөн башка ыкмаларын мыктылап үйрөнүүсүн улантат.

КЫТАЙДАГЫ ЖАШОО

Ип Мэн 20 жашка чыкканда кичи мекени – Фошань шаарына кайтып келип, ошол кездеги өтө белгилүү мастерлер менен көпчүлүк алдына чыгып, өзүнүн келечектүү мыкты чебер-мастер экендигин тастыктайт. Ип Мэн өзүнүн негизги иши - полиция кызматкери катары өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди кармоого да активдүү катышат. Мындай учурда ал эч качан өзүнүн куралын колдонбойт. Ип Мэн кийинчерээк Чеун Вин Син деген кызга үйлөнөт. Алар эки уул, эки кыздуу болушат. 1937-жылы япон-кытай согушу башталганда Ип Мэн япондор менен кызматташуудан баш тартат. Натыйжада ал жумушсуз, кийинчерээк жашоого каражаты жок калат. Өзүнүн жакын досторунун бири - пахта иштетүүчү фабриканын ээси ага каражаттан жардам берет. Ага ыраазычылыгын билдирген Ип Мэн анын уулуна, арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин фабриканын жумушчуларына уруш өнөрүн үйрөтөт. Анын чебер устаттыгы япон бийлигине жетет. Алар япон жоокерлерин уруш өнөрүн үйрөтүүсүн талап кылышат. Япондор менен кызматташууну каалабаган Ип Мэн, айылга качып кетет. Ип Мэн Фошань шаарына экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин гана келип, кайрадан полиция кызматына орношот. Кийинчерээк өлкөдө атуулдук уруш чыкканда ал консервативдик партияга ыктайт. Ал эми 1949-жылы Кытай мамлекети толугу менен коммунисттердин колуна өткөндө Ип Мэн алгач Макаого, кийинчерээк Гонконгго качат. Өз башын калкалап чет өлкөдө жүргөндө аялы, балдары Кытайда калышат.

ГОНКОНГДОГУ ТУРМУШ

56 жашында жашоого каражаты жок, бөтөн өлкөдө жашаган Ип Мэн көп жылдардан бери бекем сакталып келген кландык салтты бузууну чечип, уруш өнөрүн үйрөнүүнү каалагандардан акча алып үйрөтө баштайт. Уулунун айтымында, ал уруш өнөрүн үйрөтүүсү боюнча эч кандай жарыяларды берген эмес. Келечектеги окуучулары аны өздөрү табышкан. Арадан убакыт өткөн сайын кунг-фу эл арасына кеңири тарайт. Ип Мэндин окуучулары ага Гонконгдо гана эмес, өлкөдөн тышкары мамлекеттерде да сый-урматка жеткиришет. 1962-жылы анын уулдары – Ип Чин, Ип Чун Кытайдан атасына – Гонконгго көчүп келишип, атасынан уруш өнөрүн үйрөнө башташат. Өткөн кылымдын 70-жылдары анын уруш өнөрү боюнча ыкмалары Америкада, Европада, Австралияда окутула баштайт. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрү гана көпчүлүк окуучуларына сабак өтө албай калганы менен өз үйүндө жеке үйрөтүүсүн улантат. Ип Мэн1972-жылы тамагынан рак оорусуна чалдыгып, дартынан айыга албай кайтыш болот.

ЭЛ АРАЛЫК ТААНЫЛУУ

Ип Мэн Гонконгдо тирүү кезинде эле атак-даңкка ээ болот. 2002-жылдын аягында Фошань шаарындагы жергиликтүү тарых музейинин аймагында Ип Мэнге арналган музей ачылып, Ип Мэндин тарыхый ролу анын жеке саясий ойлоруна карабастан мекенинде жогору бааланат. Тирүү кезинде расмий эч кандай титулу болбогону менен азыркы күндө аны – Вин Чун уруш өнөрүнүн улуу мастери - патриархы деп аташат. УРУШ ӨНӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМЫ Ип Мэндин кунг-фу – Вин Чунду таркатуудагы кошкон салымын так баалоо өтө эле оор. Ал биринчилерден болуп өлкөдө көп жылдардан бери бекем тамырлаган кландык система боюнча эмес, өз окуучуларын жөндөмүнө карата баалаган, эч качан туугандык, жолдоштук байланыштар менен өзүнө окуучуларды алган эмес. Мына ушул себептен Вин Чунь бир гана Гонконгдо гана эмес, Ип Мэндин көптөгөн окуучулары тарабынан бүт дүйнөгө тараган. Анын окуучусу Брюс Ли аркылуу ХХ кылымдын 70-жылдары кунг-фунун Европага, Америкага тарашын тыгыз байланыштырышууда. Себеби, ага чейин батыш дүйнөсү кытайлыктардын эмес, япондордун уруш өнөрү менен гана жакшы тааныш болушкан. Ип Мэн бүткүл өмүрүн Вин Чундун техникалык жактан өнүгүшүнө улам жаңы ыкмаларды киргизип келген. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай Ип Мэн эч качан өзүнүн жеке стилин жаратуу боюнча эч качан аракеттенген да, атаандашкан да эмес. Ал эми Вин Чун стилинин пайда болушу жөнүндө айтылган уламыштарга караганда, анын түпкү чыгышын Түндүк Шаолинге байланыштырып келишет.