Иран революциясы (1905-11)

Википедия дан

Иран революциясы (1905-11) – Ирандагы феодализмге жана империализмге каршы бурж. революция. Кажарлар династиясы башында турган феодалдык төбөлдөр жана аларды колдогон империалисттер менен жаңыдан курала баштаган улуттук буржуазия, ошондой эле дыйкандар, кол өнөрчүлөр, жумушчулар ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнөн чыккан. 20-кылымдын башында Ирандын Улуу Британия менен падышалык Россиянын чала колониясына айланышы ал карама-каршылыктарды ырбатып, ал эми 1905-ж. башталган Россиядагы буржуазия-демократиялык революция иран революциясынын чыгышын бөтөнчө тездеткен. Революция 1905-ж. декабрда Тегеран, Шираз, Мешхедде башталган. Революциядан чочулаган шах 1906- ж. 5-августта конституциялык түзүлүш киргизүүгө аргасыз болгон. 7-октябрда Ирандын 1-межилиси ачылган. Анда шах бийлигин чектеген негизги закон кабыл алынып, ал 1906-ж. декабрда бекитилген. Ушуну менен революциянын биринчи этабы аяктаган. 1907-ж. революциянын экинчи этабы башталып, ага катышуучулар арасында либералдык жана демократиялык багыттар пайда болгон. Бул мезгилде дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаардык майда буржуазия активдүүлүк көрсөтүп, өз талаптарын коё баштаган. Империализмге каршы күрөш күчөп, буржуазиялык революциячыл уюмдар (энжомендер) жана туңгуч жумушчу уюмдары түзүлгөн. Негизги законго кошумчалар киргизилип, өлкөдө буржуазиалык эркиндик жарыяланган. Бирок Иран революциясынын тереңдешинен корккон Улуу Британия менен падышалык Россия 1907-ж. августта келишим түзүп, революциячыл кыймылга каршы аракеттерин күчөткөн. Ошондон пайдаланган Мухаммед-Али-шах 1908-ж. 23-июнда Тегеранда контрреволюциячыл төңкөрүш жасап, межилисти жана энжоменди тараткан. Мындан соң күрөш борбору Иран азербайжандарына ооп, 1908-09-ж. Тебриз көтөрүлүшү чыккан. Ошону менен Иран революциясынын жаңы мезгили башталган. Бул кезде революциячыл Тебриз кавказдык революционерлерден ыктыярдуу аскер, курал жагынан чоң жардам алып турган. Конституция тарапкерлери 1909-ж. январда Исфахан, Бишур жана башкалар шаарларда жана райондордо бийликке келген. 1909-ж. Тегеранда Мухаммед-Али-шах тактан кулап, уулу Ахмед шах болгон. Конституция калыбына келтирилип, революциянын акыркы этабы башталган. Демократиялык кыймылдын ийгилигин өз максатына пайдаланган феодал-помещикчил чөйрөлөр, компрадордук соода буржуазиясы революцияны андан ары өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн реакциячыл чөйрөлөр жана империалисттик державалар менен келишип кеткен. Империалисттик державалардын жана иран реакциясынын биргелешкен күчү менен 1911-жылдын аягында Иран революциясы басылган. Иран революциясынын жеңилиши Ирандын Улуу Британия менен падышалык Россияга андан ары күнкор болушуна жардам берген. Ошентсе да Иран революциясы Ирандын феодалдык түзүлүшүнө сокку уруп, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]