Мазмунга өтүү

Иран салттуу музыкасы

Википедия дан

Иран салттуу музыкасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иран салтту музыкасы, салтту перс музыкасы, иран классикалык музыкасы же же музыка түзмөгү деп аталат да түзмөктөрдөн, ырлардан жана обондордон түзүлүп биздин доорго чейинки замандан тарта азыркы заманга чейин ооздон оозго, тарых булактары аркылуу өтүп келип жагымдуу, угумдуу, жөнөкөй жана эс тутумга тез кабыл алынчу түрдө жеткирилген. Иран салттуу музыкасы Орто Азиянын бир топ бөлүгү, Афганистан, Пакистан, Азербайжан, Армения, Туркия жана Грецияга чейин өзүнүн таасирин калтырып келген. Байыркы Иран музыканттарынын ичинен “Барбад”, “Накиса” жана “Рамтинди” атасак болот.

  • Негизги жазылыш: Радиф

Азыркы Иран радиф музыкасы Ага Али Акбар Фараханинин (Насир ад Дин шахтын заманынын ырчысы) доорунан башталат. Ага Али Акбар Фарахани, Мирза Таки Хан Фарахани (Амир Кабир) тарабынан Иран музыкасын жайылтуу үчүн хан сарайга чакырылган. Андан соң бул жанрдагы музыка Ага Галом Хусейин тарабынан Али Акбардын эки баласы Мирза Хусейин Кали жана Мирза Абдуллага үйрөтүлгөн. Ошондон тартып азыркы күнгө дейре жеткен. Бул музыка жанры аталган эки музыкант аркылуу таралып “музыка радифи” деп аталып калган. Радиф бул иран музыкасында мелодия жыйынынын топтому, окшоштугу боюнча батыш музыкасынын репертуар жанрына жакын. Бир радиф топтому бир канча мелодиялардын жыйындысы жана ар бири бир аспапка колдонулчу ноталардын өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Радифтин азыркы замандагыдай коддоштурушу жана топтоштуруу Зенд династиясынын акыры жана кажар династиясынын баш дооруна таандык болуп саналат. Же башкача айтканда Кажар доорунун баш ченинде Иран музыкасынын макам системасы радиф аспабы системасына айланган жана бир канча этаптын ордун жети аспап менен беш аваз алган. Радиф жанрынын негидөөчүлөрү катары Фараханинин үй бүлөөсүн Ага Али Акбар Фарахани, Мирза Абдулла, Ага Хусейин Кали ж.б. атоого болот. Азыркы маалда аткарылып жаткан радиф Мирза Абдулла радифи, Ага Хусейин Кали радифи, Абулхасан Саба радифи, Али Акбар Шахнази радифи, Муса Маруфи радифи, Давами радифи, Тохерзаде радифи, Махмуд Карими радифи, Саид Хурмузи радифи, Муртаза Нидавуд радифи деп аталат. Ага карабай азыркы маалда Мирза Абдулла радифи, Саба радифи, Шахнази радифи жана Давами радифи көп колдонулуп келет жана көптөгөн музыка мектептеринде радифтин аталган адамдар стили сабак берилип турат.

Дастгах (Аспап)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги жазылышы: Иран музыкалык аспаптары Байыркы перс жана азыркы иран салттуу музыкасынын негизги жанры болуп саналат, дастгах сөзү даст (кол) жана гах (орду) деген эки сөздөн алынган. Ар бир дастгах бир катар гушелерден түзүлөт. Иран салттуу музыкасы жети дастгах жана алты авазга бөлүнөт. Жети дастгах иран салттуу музыка радифи төмөнкүлөрдөн турат: - шур (ашыктык, толкундоо) - сегах (3-позиция) - чахоргах (4-позиция) - хамаюн (бактылуу) - махур - нава (мелодия, ырдоо) - рост панжгох (5-позиция)

Негизги жазылышы: Аваз Аваз негизинен дастгахтын белгилүү бир бөлүгү болуп саналат жана аны жардамчы дастгах деп атасак болот. Аваз бөлүктүк жагынан дастгахка жакыныраак болуп эсептелет. Иран музыка дастгахына таандык беш аваз бар жана алар төмөнкүлөр: - Абу ата, ашыктык же шур дастгахына таандык (5-даража) - бият турк (бият зенд), шур дастгахына таандык (3-даража) - Афшари, шур дастгахына таандык (4-даража) - Дашти, шур дастгахына таандык (5-даража) - бият кард, шур дастгахына таандык (5-даража) - бият эсфахан, хамаюн дастгахына таандык (5-даража)

Иран музыкасынын тарыхчасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги жазылыш: Иран музыкасынын тарыхы Дүйнөдөгү музыкага байланыштуу эң маанилүү таш сүрөттөрүнүн бири болуп Жагамиш дөбөсү эсептелет, ал 1961-1966- жылдары табылган. Бул таш сүрөттүн болжолдуу түрдө 4300 жылдык тарыхы бар. Бул тарыхый эстеликте ырчыларды байкоого болот, сүрөттө ар биринин колунда музыкалык аспап кармап мелодия аткарып жаткан кези чагылдырылган. Таш сүрөттө көрүнүп турган музыканттарды карасак алар дүйнөдөгү алгачкы музыка тобу, оркестр экенин далилдөөгө болот. Сүрөттө байкалгандай алардын бири арфа музыка аспабын, экинчиси горн музыка аспабы, ал эми үчүнчүсү танбак музыка аспабында ойноп жатат. Ал эми төртүнчүсү болсо алардын ичинде ырчы болуп ыр аткарып турган кези. Биз ошондой эле музыканттарды Элам мезгилинде биздин доорго чейинки XVII- кылымдагы “Юзуз Иншушинак” падышанын Шуштагы башкаруу мезгилинен билебиз. Ошондой эле тарыхый маалыматтарга ылайык, көптөгөн музыканттар Ирандын аймагында жашаганын тастыктасак болот. Бул доордо арфа музыка аспабында ойноо аябай катуу өнүккөн, ал эми бул музыкалык аспап ирандыктар жасаган музыка аспабы болуп саналат. Ошондой эле тарыхый булактарга ылайык “Шукал Мах Ху” падышачылыктын башкаруу доорунда, болжолдуу түрдө б.з.ч. XVII- кылымдан тарта Иран аймагында “Тар” музыкалык аспабында ойноп баштаган. Андан сырткары казуу иштеринин натыйжасында 11 музыкант, 8 арфа, 2 ней музыкалык аспабында күү ойноп жатканы ачыкталган. Алардын тегерегинде 15 аял кол чабып отурушат. Айта кетчү нерсе мындай материалдар Ирандын башка аймактарынан да бир топ кездешет. Ошондой эле археология казуулардын натыйжасында Иран аймагында б.д.ч. IX- кылымда Иран аймагында “Тар” музыка аспабында ойногондугу тастыкталган. Ушуга окшогон көптөгөн материалдар Иран аймагында казуу иштердин натыйжасында ачылып тастыкталган.

“Байыркы Иран музыкасы” байыркы доордо “байыркы перс хания” деп аталчу, ал эми азыркы учурда бул терминди ар кандай колдонуп келет. Археологиялык казуу иштеринин маалыматтарына ылайык, Иран музыкасынын түпкү теги байыркы Элам империясына (б.д.ч. 2500-644-жж.) таандык экени далилденди. Учурда бул доорго таандык бир аз гана материалдар колдо бар. Маалыматтар боюнча гитара, флейта  жана башка музыка аспаптары жасалып аларды колдоно баштаган. Ошондой эле булактарга таянсак “Барбат” сыяктанган музыка аспаптары б.д.ч. 800-жылдары колдонулган. 

Геродоттун айтуусуна ылайык Ахамениддер империясынын учурунда музыка сарайдагы эң бир маанилүү нерсе болуп саналган. Анын айтуусу боюнча музыка диний маарекелерди өткөрүүдө, кудайга сыйынууда абдан маанилүү эле. “Байыркы перс ханиясы” Ахамениддер доорунан кийинки доорго таандык термин болуп эсептелет. Сасаниддер империясынын (224-642-жылдар) негизги тили болуп пахлави перс тили саналган, ал эми аталган терминдин түзүлүшү пахлави грамматикасынан түзүлгөн. Ошондуктан Сасаниддер доорунда, ошондой эле азыркы перс тилинде байыркы салтту иран музыкасын байыркы перс ханиясы деп атап келишет. Азыркыга чейин Иран музыкасынын модели ачыкталбагандыктан бул жаатта ар кандай изилдөөлөр аткарылып жатат. Барбад Сасаниддер империясынын ак сарайындагы музыкант болгон, ал алгачкылардан болуп жакынкы чыгыш музыкалык системасын тургузган жана ал эмгегин Хосроу шахка белек кылган. Андан сырткары иран салтту музыкасында көптөгөн түрлүү музыкалык режимдер болгон. Дастгахтар азыркыга дейре ооздон оозго өтүп келген, бирок болжолдуу түрдө арабдардын кол салууларынын негизинде көптөгөн мелодиялар, жанрлар ислам адеп ахлагына туура келбейт деп саналып жок болуп кеткен. Иран салттуу музыкасынын түрү импровизацияланышып айтылгандыктан мелодияларды жаттоо негизги шарт болгон. XX-кылымдын баш ченинен тарта салттуу музыкалар өнөр чеберлери аркылуу университеттер жана музыка окуу жайларында окула баштаган. Сефевиддер доорунун акырына чыгышы менен 10, 14 жана 16 биттүү мелодиялар чертилбей калган, ал эми азыркы учурда болсо тилеке каршы эң көп дегенде 6 же 8 биттүү мелодияларды чертишет. Бул музыканын эң көп мелодиялары түрк макамында жана араб музыкасында кездешет. Арабдар Иран империясын басып алган соң өзүнө таандык жердин баардыгын ислам дүйнөсү деп жарыялаган. Ошондуктан араб башкаруучулары музыка тармагына тиешелүү ишкердиктин бардыгын исламга туура келбейт деп тыюуу салган. Сасаниддер империясынын эң чоң таасирлеринин бири болуп салттуу Ирак, Сирия, Египет, Түрк музыкаларына тийгизген оң таасири болуп саналат, аталган салттуу музыкаларда Иран салттуу музыкасынын таасирин байкоого болот. Тарых бою салтту музыка көбүнчө үн менен бекем байланышта болгон, ал гана эмес ырчылар күү чертүүдө негизги ролду ойногон десек болот. Кайсы дастгах чертилээри ырчынын ырына карата сунушталат. Ар бир ырда жок дегенде бир музыка аспабы коштолуп туруусу абзел. Кээ бир ырлардын ар бир бөлүгүндө ар кандай музыка аспабы коштоп туруусу да кездешет. Салттуу музыка көп топтолгон жерде кандайдыр бир бийиктиктин үстүндө чертилет. Ал эми ырчы болсо аймака, абалга жараша музыка тандап аткарат. Арабдар жана монголдордун басып кирүүсүнө чейин зартушт китебинин ыйык китеби болгон Авестада көптөгөн мелодиялар бар болгон. “Гах” сөзү эки маанини берет: биринчиси байыркы пехлеви тилинде “Гас” авестага сыйынуучу ал эми экинчи мааниси “убакыт”. Монголдордун жүздөгөн жылдык башкаруусу, танап тоноосу, өлтүрүүлөр жана көптөгөн кол салуулар коомдо кубанычтын кетип кайгыга батышына себеп болгон. Ал убакта азыркыдай үн жазуу аппараттары болбогондуктан, жалгыз гана ооздон оозго айтылып сакталып келгендиктен жүздөгөн жылдын ичинде бир кыйла шаңдуу мелодиялар унутта калып кеткен. Айта кетчү нерсе иран салттуу музыкасы бир канча кылымдаган тарыхка ээ болуп убакытын өтүшү менен кандайдыр бир руханий тарапка ооп кеткен, ал эми эс алуу аспабы катары аз колдонулуп калган. Музыка эмгектери абалга жараша, элдин аң сезими менен бирге өзгөрүүлөргө дуушар болуп келген. Диний тексттердин биригиши менен орто кылымда Хафиз, Жалал ад Дин Руми ж.б.у.с. суфий акындары аркылуу көптөгөн газалдар чертилип ырдалып келген.

Кээ бир ирандыктар иран музыкасын батыш музыкасы менен салыштырып түшүндүрүшөт. Мустафа Камал Пуртарабдын ишеними боюнча учурдагы батыш музыканттары классикалык музыкадагы жөнөкөй он эки жарым тондон башканы уккан эме, микротондуу үндөрдү кайгылуу деп табышат, бирок Камал Пуртараб бул ойду четке кагып опера сындуу европа музыкасында да кайгылуу мелодиялар бар деп эсептейт. Музыканттар иран салттуу музыкасына кайгылуу мелодиялар тийиш деп эсептешет жана аны негизги үч далил менен тастыкташат: иран музыкасы тарыхтын трагедиялуу учурларын айкалыштырат, андыктан кайгы эң жакшы сезимдердин бири болуп саналат. Бир топ батыш музыканттары өзүлөрүнүн эмгектеринде, мисал катары симфонияларда кайгыны аткарышкан. Иран музыкасы иран ыр саптарынын негизинде тургузулган, ал эми көптөгөн иран ыр саптары кайгылуу жазылган.

Ирандын атактуу музыканттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Рухулла Халеки, Кихан Кулхар, Салар Акыли, Муртаз Махжуби, Хасан Касаи, Бахман Ражаби, Абулхасан Саба, Парвиз Машкатиян, Алиреза Курбани, Гуламхусейин Банан, Фарамарз Пайвар, Хамид Реза Нурбахш, Камарулмулук Вазири, Хусейин Техрани, Ираж Басати, Хусейин Кавами, Жалал ад Дин Таж Эсфахани, Хасам ад Дин Сараж, Жавад Бадизаде, Дариюш Рафи, Вахид Таж, Исмаил Адиб Хансари, Алиаскар Шахзиди, Сина Сарлак, Акбал Султан, Абдулвахаб Шахиди, Мухаммад Мутамади, Мухаммадреза Шажариян, Садик Тариф, Ализенд Вакили, Акбар Гулпаягани, Шахрам Назери, Резави Сарусетани, Махмуди Хансари, Алиреза Эфтехари, Курус Сархангзаде, Мухаммадреза Лутфи, Бижан Камкар, Хусейин Ализаде, Хамаюн Шажариян.

Ней, Барбат, Тас, Даф, Авуд , Накаре, Тар, Дайере, Занг, Сетар, Зарб, Табл, Дутар, Чегур, Керна, Каманче, Тамбире, Кус, Кичак, Сарна, Диван, Канун, Дудук, Хезартар, Нейанбар, Чанг, Тамбак, Куреней, Сантур, Дунали, Эктар, Рабаб, Дузале, Танбур, Дахл, Дамам

Иран аймактык музыкасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Белуч музыкасы,
  • Курд музыкасы
  • Түрк азербайжан музыкасы
  • Лурестан музыкасы
  • Бахтияр музыкасы
  • Мазандаран музыкасы
  • Түштүк Иран музыкасы
  • Хорасан музыкасы
  • Хамадан музыкасы
  • Гилаки музыкасы
  • Дезфул музыкасы
  • Казвин музыкасы
  • Жарым тон
  • Маруг музыкасы
  • 6 макам
  • Афганистан музыкасы
  • Иран адабияты
  • Дастгах
  • Иран бий тарыхы, өнөр журналы
  • Камал Пуртараб, Жаңы көз караш
  • Nettl, The Radif of Persian Classical Music, 193.
  • Nettl, The Radif of Persian Classical Music, 177.
  • Nettl, The Radif of Persian Classical Music, 178.
  • Nettl, Bruno (1987). The Radif of Persian Classical Music: Studies of Structure and Cultural Context in the Classical Music of Iran. Elephant and Cat.
  • Камал Пуртараб Мустафа, Иран музыкасынын теориясына жаңы көз караш
  • Тар жана сетарда ойноо, Хусейин Ализаде
  • Иран музыкасынын потенциалы

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Гүлдөр радиосунда чогултулган программалар
  • Иран аймактык музыкасынын толук аспаптары

Маданият, Музыка