Ирина Деркембаева

Википедия дан

Деркембаева Ирина Григорьевна (1927, РСФСР, Иркутск облусунун, Нукут району, Үңкүрлүк улусу) — кыргыз совет опера ырчысы (сопрано). Бурят АССРинин (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). Москва консерваториясынын вокалдык факультетин профессор В. Ф. Рождественскаянын классынан бүтүргөн (1952). Ал "Манас" үчилтигинин негизинде жазылган "Айчүрөк", "Манас" операларынан Айчүрөк , Калыйман, Канайымдын партияларын ырдаган. Д. Берлинде өткөн жаштар жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), Москвада өткөн вокалисттердин Бүткүл союздук (1956) конкурсунун лауреаты. Эмгек Кызыл Туу, Данакер ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4