Ирригациялык дыйканчылык

Википедия дан

Ирригациялык дыйканчылык - сугат дыйканчылыгы, сезондуу жаан-чачындар жетишпеген зоналарда ирригациялык системалардын жардамы менен сугарууга негизделген дыйканчылык. Ирригациялык дыйканчылык эгин өстүрүүчү жерлердин түшүмдүүлүгүн арттырууда өзгөчө орунга ээ. Дыйканчылыктын бул түрү Энесай кыргыздарында да жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар калтырган эстеликтер, сугат каналдарынын издери, иштетилген талаалар чагылдырат. Кыргыздар тоо-таштын боорлору аркылуу сугат каналдарын алып өтүүнү өздөштүрүшкөн. Азыркы учурда да бул жерлер «кыргыз талаалары», «кыргыз каналдары», «кыргыз тегирмендери», «кыргыздар курган жолдор» жана башка деп аталары маалым. Бул аймактарда өндүрүлгөн эгин Кыргыз мамлекетинин керектөөлөрүн толук канааттандырган. Дыйканчылыктын эң байыркы очогу болгон Эки Дарыя аралыгында жапайы өсүмдүктөрдүн даны түшүмдүү болгон аймактарда эң төмөнкү коомдук-экономикалык түрдө пайда болгон. Өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн алгачкы этабы сугарылбаган, тоо сууларынын табигый жайылмасында пайдалануучу сугат дыйканчылыгы менен байланыштуу келип чыккан. Андан соңку коомдун өнүгүшүндө, эң жөнөкөй эмгек куралдарынын эволюциясы менен ири дарыялар агып өтүүчү өрөөндөрдө (Нил, Ефрат-Тигр аралыгы, Янцзы-Хуанхэ, Инд-Ганг, Аму-Дарыя - Сыр-Дарыя жана башка) атайын тосмолордун, кол менен казылган каналдардын жардамы менен сугаруучу дыйканчылыкка өтүшкөн. Байыркы жөнөкөй «бир жолку» системаларда ирригациялык дыйканчылык ташкындаган сууну каптатуу менен жүргүзүлгөн. Ирригациялык дыйканчылык Месопотамияда (Эки Дарыя аралыгы) б.з.ч. 6 миң жылдан бери белгилүү. Татаалыраак системаларда сугаруу гидротехникалык кара- жаттын жардамы менен жүргүзүлгөн. Түрдүү тарыхый-маданий областтарда жана ири жаратылыш зоналарында ирригациялык техника ар түрдүү формада жүргүзүлөт. Тоо этектеринде жана тоолордо суу багыт берүү жардамы менен чыгарылат. Түздүктөрдө ирригациялык дыйканчылык суу ташкындарын жөнгө салуу жана ири суугат системалары менен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]