Исабаева Валентина Абдылдаевна

Википедия дан

Исабаева Валентина Абдылдаевна (27. 11. 1927, Ысык-Көл облусу Тоң району, Төрт-Күл айылы 2001, Бишкек) – физиолог, медицина илимдеринин доктору (1976), профессор (1977), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1961). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1977). КММИни бүтүргөн (1951). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Крайлык медицина институтунун сектор башчысы (1955–57), Кыргыз ССР Курортология жана физиотерапия ИИИнин директорунун орун басары (1957–62), КММИнин ректору (1962–71), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Бийик тоо физиологиясы жана эксперименттик патология институтунун директору (1971–82), 1983-жылдан ушул эле институтта лаборатория башчысы, КММИде жетектөөчү адис болуп иштеген. Кандын физиологиясы жана табигый адаптация физиологиясы боюнча адис. Исабаеванын изилдөөлөрү тоодо жана эксперименттик гипоксия шартында жалпы биологиялык мааниси бар адаптациянын физиологиялык негизинин бир катар олуттуу закон ченемин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 13 монография, 4 окуу китептин автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5–8-шайланышынын) депутаты, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Хеморецепторы гемокоагуляции и высокогорье (в соавторстве). Ф., 1973; Система свёртывания крови и адаптация к природной гипоксии. Л., 1983; Медицинская география Киргизии (в соавгорсгве). Ф., 1988.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]