Исагулов Астарбек

Википедия дан

Исагулов Астарбек (10. 10. 1945, 1-Май кыштагы - 2003, Каракол айылы) - жеке фермер, эмгектин ардагери.

Эмгек жолун 1966-ж. Аламүдүн районунун Таш-Мойнок совхозунда койчу болуп баштаган. Кийинчерээк баш чабан болгон.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин биринчилерден болуп жеке менчик фермер чарбасын уюштурган. Чарбасында миңге жакын кой, 70 жылкы жана ЗОдан ашуун уй болгон (2010).

«Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» (1975, 1978) төш белгиси, «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы (1973) жана 3-даражадагы «Эмгек даңкы» ордени (1978) менен сыйланган.

Чарбанын, райондун жана Айыл чарба министрлигинин көптөгөн мактоо грамоталарын алган. Токтогон уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9