Исаева Күлүйпа

Википедия дан

Исаева Күлүйпа (19.4.1951-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун эмгек сиңирген кызматкери (2005).

Жалал-Абад медициналык окуу жайын бүткөн (1970). 1970-жылдан Чаткал аймактык ооруканасында медайым, 1972-90-жылдары Каныш-Кыя фельдшер акушердик пунктунда акушерка, 1991-жылдан Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун №1 УДТда улуу медайым жана жугуштуу ооруларды алдан ала эмдөө медайымы. Саламаттык сактоонун отличниги (2000).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6