Исаев Болотбек

Википедия дан

Исаев Болотбек Жыгаччы жана сүрөтчү. 1957-ж. Нарын районундагы Куланак айылында төрөлгөң. Орто билимдүү.

Колхоздо жыгач уста болуп иштеген. Азыр Куланак орто мектебинде сүрөт, кол эмгек боюнча атайын курстан сабак берүүчү мугалим-лаборант. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Болотбек жыгачтын сырын билген, ага жан киргйзе алган таасын чеберлерден. Анын өнөрканасында жыгачтын дүмүрүнөн, бутактарынан, тамырынан, агындыларынан алынып жаралган (сүрөтчү - флористтик) айбанаттардын, канаттуулардын, адамзаттын кейипкерлери көркөмдүктү аңдап билүүсүнүн маанилүү шарты боло алат. Чебердин жыгаччылыгындагы чыгармачылык үч бөлүктөн турат. Биринчиси, жыгачтан сөлөкөт түзө алат. Ал жыгачтын текстуралык табиятына шайкеш келет. Экинчиси, жыгач бетине композициялык көркөм чыгарма жаратат. Демек, маанилүү бир бүткөн ойду берет. Ага анын тактай бетине берген таланттуу чыгармалары «Соң-Көл», «Менин айылым», «Эс алуу» сыяктуу тушка тартууга шартташкан аянттуу (эндүү) эмгектери кирет. Үчүнчүсү, анын кырмачы катары журтка таанылуусу. Ал турмуш тиричиликке аздектеп колдонулган челек, үкөк, табак, кашык, сузгу, аяк, чөйчөк өңдүүлөрдү жасоонун кылдаты. Чебер алардын жердиги үчүн жергиликтүү мырза теректи пайдаланат. Аны күзүндө кыркат. Кабыгы менен көлөкө жайга коюп, мелүүн кургаганда четинен араалап, чаап, кырып ар бир буюмду (идишти) өз түспөлүнө келтирет. Иштөөдө ийги менен бычакты арбын пайдаланат. Чебердин жараткан кырма идиштеринде өзүнө гана таандык түспөл, түр бар. Мындай касиет анын чыгармачылыгын, буюм-тайым кармоодогу чыныгы жүзүн баамдатат. Сүрөтү түстүү баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Жыгач буюмдары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин диплому; 1989 ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу курултайына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Кырма идиштери үчүн ЭЧЖРКнүн медалы, диплому; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Жыгач үлгүлөрү менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б.

ISBN 5-89750-080-0