Исакова Күлүйпа

Википедия дан

Исакова Күлүйпа Өрмөкчү, саймачы. 1942-ж. Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Соода тармагында эмгектенген. 1977-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Таластагы бөлүмүндө үйдөн уздануучу чебери. Ага 1989-ж. Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин буйругу менен «II сынактагы чебер-сүрөтчү» деген наам берилген. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Күлүйпа абалы өрмөкчү (термечи) катары бааланат. Тегирич согуп, ага көркөм көчөт түшүрөт. Өрмөкчүлүгүндө ортолук (борбордук) көчөт көк-кызылдан тандалып, четине өзүнчө жети жип кара-ак болуп жупталат. Себеби, өрмөктөгү эриши эркек (үстүңкүсү), ургаачысы (астыңкысы) боюнча саналып түшөт. Мына ушулардын ортолоруна «тоок көз» келсе, алардын экөө тең экиден байланып, терилбей тик согулат. Мисалы, ортосу «мүйүз оюму» көчөт болуп түшсө, анын четтерине «мүйүз оюму» өзүнчө табакча болуп, чети «кыял оюмунан» түшөт. Анын этегине уз «кереге көз» чачыгын берет. Күлүйпанын саймачылыгында табак-табакчалар бири бирине канаттуулардан («куш оюм», «жагалмай канат оюму», «карга тырмак оюму») таралган элементтер басымдуулук кылат. Анын туш кийиздеринде 6 табакчадан 13 табакчага чейин болот да, ич ара шарттанттырууда уз чаташпайт. Чебердин кийиз оюмдарында да бөтөнчөлүктөрү бар. Анын шырдактарында ортолук оюмдун чети «жагалмай канат оюму», чети «куш оюму», төрт табакчадан эки «карга тырмак оюму», эки «мүйүз оюму», кайра «карга тырмак оюму» чыгат. Ал табакчалардын төрт жеринде «куш оюму» пайда болот. Мунун экинчи түрү - бир табакчада төрт «мүйүз оюму» «карга тырмак оюмдун» ортосунда, «мүйүз оюмдун» башы (таластыктардын аныктамасы боюнча) «ачкыч оюму» (кадимки бурамаларды бекитүүчү) болуп чыгат. Сүрөтү түстүү баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы».

Боз үйдүн терме боо-чуу лары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясыкын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарыныя республикалык кароо-сынагы». Таар, сайма буюмдары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1989 ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Терме тегиричи үчүн диплом; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Шырдак, сайма, таар буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0