Иван Исаков

Википедия дан
Исаков Иван Степанович‎»‎ барагынан багытталды)

Исаков Иван Степанович (10(22). 8. 1894, Азерб. ССР, Ажикен айылы. - 11. 10. 1967, Москва) - Советтик Союз, флот адмиралы (1955), Советтик Союз. Баатыры (1965), СССР ИАга корр. мүчө (1958).

  • 1939-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1918-жылдан Советтик АДФте кызмат кылып, Жарандык согушка катышкан.
  • Аскер-деңиз академиясына караштуу жогорку составдын курстарын (1928) бүткөн.
  • 1933-35-ж. Балтика деңиз күчүнүн штабынын начальниги, кийин окутуучулук кесипте.
  • 1937-38-ж. Балтика флотунун штабынын начальниги жана командачысы.
  • 1938-46-ж. АДФ эл комиссарынын 1-орун басары.
  • 1946-47-ж. АДФтин башкы штабынын начальниги, 1947-5Аж. АДФтин башкы командачысынын орун басары, «Деңиз атласынын» жооптуу редактору.
  • 1954-57-ж. СССР Коргоо мин-восунун борбордук аппаратында жооптуу кызматтарда. СССР Жогорку Советинин (1-шайл.) депутаты.
  • СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1951).
  • Алты Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 1-дараж. 2 Ушаков, 1-дараж.
  • Ата Мекендик Согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.