Исаков Сира

Википедия дан

Исаков Сира (1927-ж. туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун 1943-ж. Фрунзе атындагы айыл чарба артелинде катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1954-жылдан Ош областынын Кара-Суу районундагы «Катта-Талдык» мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунун баш чабаны болуп иштеген. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1954–57-ж. ар жүз тубар койдон 115–116 козу, ар койдон 4,9 кгдан жүн кыркып алган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]