Исамидинов Искендер

Википедия дан

Исамидинов Искендер (20. 1. 1952-ж. туулган, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы) – педагог, педагогика илимдеринин кандидаты (1993), педагогика илимдеринин доктору (2005). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1973). Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2003), Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги (2008), Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (200408). КМУнун филология факультетинде окутуучу (197380), декандын орун басары (1980–93), проректор (1993–98), Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун директору (1998–2000), КУУнун биринчи проректору (2000), 2008-жылдан Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, кийин КУУнун ректору болуп иштеген. Илимий ишинин негизги багыты кыргыз мектептеринде адабият теориясын окутуу. Кыргыз адабиятын окутуунун методикасына арналган 60тан ашуун илимий эмгектин, илимий методикалык макалалардын автору. Эмгектери: Кыргыз орто мектептеринде Ч. Айтматовдун чыгармаларын үйрөнүүнүн процессинде окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруу, Б., 1993; Кыргыз мектептеринде адабият теориясын окутуу. Б., 2004.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]