Исихасттар

Википедия дан
Иконография

Исихасттар (гр. icichia – тынч абал, бейкуттук) – 14-кылымдагы Византиядагы реакциячыл-философиялык жана коомдук-саясий топ. Исихасттардын окуусу Григорий Синаиттин (кийин ал Григорий Палама аттуу исихасттардын жол башчысы болуп калган), Николай Кавасиланын ж. б. эмгектеринде теориялык жактан негизделген. И. илим менен агартуучулукка каршы чыгышып, жашоодон баш тартууга, кечилдикке үндөшкөн, таануунун жападан-жалгыз булагы катары диний мистиканы, сыйынууну аташкан. Исихасттар инсанды көңүл борборунун чыгаруунун зарылчылыгын, адамды тагдырга баш ийдирүү жана аны кудайдын тил алчаак куралына айландыруу идеясын көтөрүп чыгышкан. Ошол себептен алар византиялык философиянын алдыңкы агымдарына, өзгөчө варлаамиттерге каршы ырайымсыз күрөш жүргүзүшкөн. Үстөмдүк кылган феодалдар табынын идеологдору катары исихасттар зилоттордун революциячыл-демократтык кыймылына кескин каршы чыгуу менен византиялык феодализмдин үстөмдүгүнө негизделген граждандык тынчтыкты талап кылышкан. 14-кылымдагы идеологиялык күрөштө жеңишке жетишкен исихаттардын кыймылы византиялык маданияттын өнүгүшүнө бир кыйла тоскоол болгон.





Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]