Искек байлооч

Википедия дан

Искек байлооч - кыз-келинге тиешелүү искекке окшогон кымбат баалуу жана майда кооз буюмдар илинип, оң же сол көкүрөккө тагылуучу кооздук. Искек байлоочун кыз-келиндер уздугуна жараша өздөрү жасап алган. Ал бети тегереги саймаланып, берметтелип, жээги чачыланып, кооздогон тукаба, нооту, түстүү булгаарыдан жасалган кичинекей тумарча, төрт бурчтуу, көп бурчтуу, жылдызча же тегерек түрүндө болгон. Анын төмөнкү жээгине бекитилген бир нече чынжырларга тиш чукуур, оймок, кулак чукуур, тырмак тазалагычка окшогон жана башка майда кооз буюмдар илинген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]