Искусстводогу академизм

Википедия дан

Искусстводогу академизм - 16-19-кылымда ак сөөктөрдүн көркөм академияларында түзүлгөн догмалык багыт.

Ал классикалык искусствонун салтттарын, үлгүлөрүн, мазмунун жана формасын айныбай тууроого негиз- делген. Академизм профессионал көркөм билимди системалаштырууга жана искусстводо классикалык салттарды бекемдөөгө түрткү берген. Бирок искусстводо чагылышка азыркы учур арзыбайт деп эсептеп, көбүнчө доордун жана жеке улуттун көркөм нормалары менен байланышпаган, реалдуу турмушка коошпогон мифтик жана библиялык сюжеттер жана идеалдаштырылган образдарга кайрылган. Ошол себептүү бул багыт улуттук реалисттик искусствонун өнүгүшүнө кедерги болгон.

Искусстводогу академизм 16-кылымдын аягында Италияда пайда болуп, 17-18-кылымда башка өлкөлөргө тараган. Реалисттик сүрөт өнөрү үчүн чечкиндүү күрөш көп мамлекеттерде, о. эле Россияда да Искусстводогу академизм багытынын жок болушуна алып келген.

Искусстводогу академизмдин саркындысы 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында кээ бир өлкөдө гана неоклассицизмдин жаңыланган формасында сакталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.