Исмаева Гүлайша

Википедия дан

Исмаева Гүлайша Медициналык институтту мыкты бүткөндөн кийин, врачтык кесиптин татаалдарынын бири болгон, акушер-гинеколог болуп, 50 жылдан ашык эмгектенип келет.

Мамлекет тарабынан кылган эмгеги бааланып 1973, 1974, 1977, 1979 – жылдары «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» төш белгилерине, В. И. Лениндин 100 жылдык маарекесинин медалына, «Эмгектин ардагери» медалына, «Ардак белгиси» жана «Октябрь Революциясы» ордендерине татыктуу болгон.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы» наамын алып, ошол эле жылы өзгөчө эмгеги үчүн деген пенсия ыйгарылган. Өз убагында айылдык, райондук Кеңешке депутат болуп шайланган.

Октябрь райондук ооруканасынын алдындагы коммунисттик партиянын баштапкы уюмунун секретары, башкы врачтын орун басары милдеттерин так аткарып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3