Исмаилов Нурбек Сапарбекович

Википедия дан

Исмаилов Нурбек Сапарбекович (25.5.1980-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - коомдук ишмер, спорттун эркин жана кыргыз күрөш түрлөрү боюнча чебери.

  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун ЖалалАбад филиалын (2000), ЖалалАбад мамлекеттик технологиялык институтун (2005) бүткөн.
  • 2000-02-жылдары Жалал-Абад балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде жана Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык мектепте машыктыруучу.
  • 2010-жылы ӨКМдин борбордук аппаратында министрдин жардамчысы,
  • 2011-2012-жылдары Жалал-Абад облустук «Темир» ишканасынын жетекчиси.
  • 2014-жылы ЖалалАбад шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, төрагасы.
  • Алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинин жеңүүчүсү (2003), Тегеран шаарында өткөн дүйнөлүк жана Азиянын биринчилигинде Алыш күрөшү боюнча алтын жана күмүш медалдардын ээси (2003).
  • 2006-жылы Ысык-Көлдө өткөн кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилигинин күмүш медаль ээси.
  • Билим берүүнүн отличниги.

Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаты (2012).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6