Исмаилов Татен

Википедия дан

Исмаилов Татен (1929, Казак ССРи, Чымкент облусу, Борисов кыштагы – 1976, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун Ош областынын Кара-Суу районундагы «Катта-Талдык» асыл тукум кой өстүрүү заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1947-жылдан баш чабан. Кой чарбасын өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишип, 1965-ж. 670 тубар койдун ар жүзүнөн 133төн козу, ар койдон 4 кгдан жүн кыркып алган. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Кечээги эле Советтер Союзу дүркурөп өсүп, социалисттик индустрия жогорку чекке жетип, Кыргыз ССРи ар тараптан өнүгүп турган мезгилде Кара-Суу районундагы «Эмгек Кызыл-Туу» ордендүү «Катта- Талдык» мал чарба станциясында ак эмгеги менен элге таанылган эмгек баатырлары өсүп чыккан. Ошол эмгек баатырынын бири, кой өстүрүүнүн чебер устаты, маркум Татен Исмаиловдун байсалдуу өмүр жолу, чабандык татаал кесиптин ысыгына чыдап, суугун жеӊип, кайратмандык менен чоӊ ийгиликтерди жаратып, Союзга аты дүӊгүрөгөнун эл жакшы билет.

        Татен Исмаилов 1928-жылы Казак ССРинин Чимкент облусундагы Борисовка, азыркы Тулкибас айылында Исмаил бийдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ошол жылдары  СССРде коллективдештирүү саясаты башталган. Малды конфискациялоо 1929-жылы башталып, 3 жылдан кийин массалык ачарчылыкка алып келген. Таракты уруусунун башчысы болгон Исмаил-бий, ачарчылыктан кошуна өлкөлөргө таркап кетишин чечип, өзүнүн үй-бүлөсүн алып Кыргызстан тарапка жөнөгөн. Жолдо Исмаилов Татен ачарчылыктын айынан, азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда атасынан айрылат.Акыры  Кара-Суу районуна келип жаштайынан эмгекчилдике тарбияланып жер иштетип күн көргөн.

        Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Татен кол арага жарап калган тестиер бала 4-класска чейин билим алып, кат сабатын жойгон эле. Уруш жылдары өзү теӊдүү өспүрүмдөр менен чарбада иштеп, бирде ач калып, бирде ток болуп дегендей, кечке тынбай, колхоздун ичинде эмгектенип эр жетет.

        1946-жылы Татендин  үй-бүлөсү Кара-Суу районундагы Кара-Сөгөт айылына көчүп келишет. Татен келери менен «Катта-Талдык» кой өстүрүүчү совхозуна жардамчы чабан болуп ишке кирет. Жаш жигит кой багуунун сырларын өздөштүрүп, ынтаа коюп бардык үйрөнгөнүн көӊүлүнө түйүп мыкты эмгектенет.

1946-жылы Таластын Жоон-Төбө айылында туулуп өскөн Күкүн аттуу кызга үйлөнөт.

1950-жылы Татен Исмаилов өзү бир короо койду чарбадан бөлдүрүп алып, чабандык ишин өзүнчө баштайт.Чынында алгачкы жылдары койлордон төл жана жүн алууда өтө жакшы көрсөткүчтөрдү­ жаратпаса да жылдан жылга «Көрө көрө көсөм болот» демекчи  көрсөткүчтөрдү­ жакшырып, ийгиликтерди жарата баштайт.

        1957-жылы Т.Исмаилов чарбанын №2 бөлүмү боюнча төл жана жүн алуу боюнча алдынкы көрсөткүчтү жаратып, ар жүз тубар койдон 115тен козу, ар бир койдон 4 килодон жүн алууга жетишкен. Өз ишинде такшалып, койдун семиз багуунун жол жобосун мыкты өздөштүргөн чабан Татен 1958-жылы ар жүз тубар койдон 125тен козу, арбир койдон 4 килодон уяӊ жүн алып, «Ленин» ордени менен сыйланган.

        Коммунист чабан Татен Исмаилов улам көрсөткүчтөрү жогорулап, социалисттик милдеттенмелерди, беш жылдык пландарды ийликтүү аткарып 1965-жылы ар жүз тубар койдон 133төн козу, арбир койдон 4 килодон уяӊ жүн алып, СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун токтому менен 22 март 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген жогорку наам берилип алтын жылдыз «Орок менен балка» жана экинчи жолу  «Ленин» ордени менен сыйланган. 1977-жылы Кара-Суу районун Кара-Сөгөт айылында көз жумду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]