Исмайылов Матиш

Википедия дан

Исмайылов Матиш (1914, Айгыр-Жал айылы - 1988, ошол эле жер) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-46). Фрунзедеги республикалык партиялык мектепти бүткөн (1958).

1946-51-жылдары М.Горький атындагы мектептин директору, 1951-53-жылдары партиянын райондук комитетинин үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы, 1958-жылдан Чаткал совхозунун жумушчулар комитетинин төрагасы, ВЛКСМдин 50 жылдыгы атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген. I даражадагы “Ата Мекендик Согуш” ордени, медалдар жана грамоталар менен сыйланган. Ысмы Айгыр-Жал айылындагы орто мектепке берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6