Испания-Америка согушу (1898)

Википедия дан

Испания-Америка согушу (1898) – Испаниянын Вест-Индия (Куба а-дары, Пуэрто-Рико) жана Филиппиндеги колониялык ээликтерин басып алуу максатында жүргүзгөн АКШнын согуштук агрессиясы. Кубада жана Филиппинде Испан баскынчылыгына каршы чыккан көтөрүлүштөн пайдаланып, АКШ өкмөтү Испанияга доомат коюп, Кубадан Испан аскерлерин алып кетүүнү талап кылган. Испания бул талапты аткаруудан баш тарткан күнү (1898, 21-апрель) АКШ Испанияга каршы согуш ачкан. АКШ Куба жана Филиппин аралында согуш жүргүзгөн. Согушта америкалык флот Испан флотун талкалаган. 1898-ж. 10-декабрдагы Париж тынчтык келишими боюнча Куба, Пуэрто-Рико, Гуам жана Филиппин АКШга өткөн. Испания-Америка согушунан улам АКШ келечектеги баскынчылык саясаты үчүн стратегиялык маанидеги аймактарга ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]