Испан революциялары

Википедия дан

Испан революциялары (19-к.) - Испаниядагы 1808-14,1820-23,1834- 43, 1868-74-жылдардагы революциялар. Феодализмге каршы 1808 -14- жылдардагы испан революциясы француз баскынчыларына каршы боштондук күрөш менен айкалышкан.

  • Революция алдында өлкөдө феодалдык, мамиле үстөмдүк кылып, католик чиркөөсүнүн таасири күчтүү эле. Бул өлкөдө жаңыдан пайда болгон капиталисттик мамиленин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган.
  • 1808-ж. француз аскеринин Испанияга басып кириши революциянын чыгышына түрткү болуп, өлкөдө боштондук курөш башталган. Испан элинин алдында өлкөнү Наполеондун кулчулугунан жана феодализмден куткаруу милдети турган. Наполеон армиясынын Роосияда кыйрашы француз баскынчыларыи Испаниядан чыгып кетуугө аргасыз кылган.
  • 1813-ж. декабрда Фердинанд VII кайрадан такка отуруп, өлкөдө реакция жанданган. Бул жагдай 1820-23-жылдагы испан бурж . революциясын чыгарган. Мунун натыйжасында король конституциялык өкмөт түзүүгө жана ага шайлоо өткөрүүгө мажбур болгон. Бирок 1823-ж. 7-апрелде француз армиясы Испанияны басып кирип, өлкөдө абсолюттук бийлик кайрадан орнотулган. 1834-43-жылдардагы испан революциясы бийлик үчүн талаштан чыккан.

1837-ж. 18-июнда жаңы конституция кабыл алынып, король бийлиги чектелип жана чиркео жерлери сатыла баштаган. Жетекчиликтин уюмдашпагандыгы жана буржуазиянын келишкис саясатынын натыйжасында 1843-ж. 23-июлда контрреволюция кайрадан бийликке келген. 1868-74-жылдагы испан бур ж. революциясынын алдында феодалдык, саркындыларга сокку уруп, 19-кылымда дүйнөдө кеңири тараган капит. мамилеге жол ачуу милдети турган.

Революция 1868-ж. 18-сентябрда Кадис флотунда башталып, аны Мадрид, Барселона, Валенсия ж. б. ири шаарлар колдогон. Революция кыштактарды да кучагына алган. 30-сентябрда королева өлкөдөн качып, убактылуу өкмөт түзүлгөн. Бирок демократтар менен республикачылар мамлекетти башкарууга кирген эмес. 1869-ж. 6-июнда Испанияны мурастык монархия деп жарыялаган конституция кабыл алынып, ал эркектер үчүн демократиялык укуктар киргизген. Бирок эл массасынын мүдөөсүн канааттандыра алган эмес. Өлкөдө республика үчүн күрөш күчөгөн. Революциянын таасири менен испан эмгекчилеринин ар түрдүү уюмдары уюштурулган. 1868-жылдын аягы - 1869- жылдын башында Мадридде жана Барселонада 1-Интернационалдын испан тобу пайда болуп, илимий коммунизм идеялары кеңири жайыла баштаган. Испан пролетариаты биринчи жолу өз алдынча күч катары баш көтөргөн.

1873-ж. король тактан түшүп, Испания республика деп жарыяланган. Бирок контрреволюция кайрадан күч алып, 1874-ж. 29-декабрдагы аскер төңкөрүшүнүн натыйжасында королдун бийлиги кайрадан калыбына келген.

1868-74-жылдагы революциянын натыйжасында Испанияда помещиктик- блоктун үстөмдүгү орногон

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.