Испид-Булан

Википедия дан

Испид-Булан, Сафед-Булан – орто кылымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөөнүнүн Түндүк-чыгыш бөлүгүндө Ала-Бука районундагы Сафед-Булан (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. Арабдар Фергананы басып алып, калкын мусулмандаштыруу жөнүндөгү Жамал Каршинин (13-кылым) жана жергиликтүү көрүстөндөрдөн табылган таш (кайрак) бетиндеги 12–15-кылымдарга таандык жазууларда «Испид-Булан» деген аталыш менен эскерилип, 16-кылымдан Сафед-Булан аталат. Сафед-Булан тарыхый булактарда, эл оозунда жана санжыралардагы маалыматтар боюнча арабдар келген кезде, алар менен согушкан жергиликтүү бийлик ээлерине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейитине күмбөз курулгандан кийин ошол жер, кийинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафед-Булан аталып калган. Болжол менен 10–12-кылымдарда Сафед-Буландын күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб кол башчыларынын бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул эстелик Гүлстан кыштагынын чыгыш жагындагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафед-Буландын бейити ушул мавзолейдин короосунун Түндүк-батыш тарабынан орун алган. Испид-Булан Аксы чөлкөмүндөгү ири мазарлардын бири. Кезегинде бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. 1842-ж. ушул жерде Кокон ханы Шералы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жардамы менен ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-ж. жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан деген ат менен хан көтөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]