Исраилов Советбек

Википедия дан

Исраилов Советбек (1938, Аламүдүн району, Төлөк айлы) - композитор. СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1979).

  • 1956-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүндө окуйт.
  • Экинчи курстан баштап Кыргыз филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштейт.
  • Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декасына (1958) катышкан.
  • 1969-75-ж. Республикалык эл чыгармачылык үйүнүн фольклордук кабинетинин ага методисти болуп иштейт.
  • 1969-75-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасында окуйт.
  • 1973-ж. Фрунзе шаарындагы № 2 музыкалык мектептин мугалими, Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасынын Алматыдагы студиясынын Кыргызстан боюнча музыкалык Редактору (1977),
  • 1980-88-ж. Кыргыз ССР маданият министрлигинде иштеген.

«Жаштык», «Эне жөнүндө баллада» аттуу симфониялык поэманы «Өнүккөн өлкөм Кыргызстан» кантатаны, виоленгил менен фортепьяно үчүн сонаталарды, прелюдия ж. б. жанрлардагы чыгармаларды жазат.

Автор кыргыз угармандарына «Менин өлкөм», «Шайыр жаштар», «Унутулбайт», «Жаштык кезим» ж. б. патриоттук, лирикалык ырлары менен да белгилүү. Автордун симфониялык аспаптык-вокалдык чыгармаларынын өзөгүнө элдик обон-күүлөрдү алганы таасын байкалат. Ардак грамота, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.