Исраил уулу Садык

Википедия дан

Исраил уулу Садык — Ат жабдыктарынын чебери.1924-ж. Кемин районундагы Чоң-Булак айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.Кыйла жылдары эсеп-кысап жаатында эмгектенген. Айылдагы Мажит зергерден таасир алган.
Садык эркек-аялдардын эски ат жабдыктарынын эски үлгүлөрүнүн негизинде ортодон өзүнчөсыйда түр жараткан. Устанын көмүркөйүндөгү ар кандай аспап-куралдарынын ичинен ойлоп тапкан чүмөк шибегеси кайыш менен булгаары беттеп кайып жатканда бошотпой чымыратып тартып турат. Садык жезге пластмасса чөгөрөт. Жабдыктын щөкөттөрүнө сары жезди пайдаланат. Акак таш, каухар таш ордуна айнек менен буюм-тайымды “тогуз төбөлөйт”. Жалатылган күмүш нускаларга “сыя төгүүнүн”(зоот,зооткер,түшүрүү) себептөөнүн, ыроонун, коргошундун,күмүштүн, жездин үлүшүнүн биринен бирин кем өлчөп эритип (кайнатып), катырып алып, кайра сууга чылап, чийин шибегеси аркылуу түшкөн көркөм оюмдарга өз калакчасы менен этиет салып, кайра тапка коюп, жугузуунун жолдорун мыкты билет. Устадан иниси Садык нуска алган.