Историография

Википедия дан

Историография (грекче historia – тарых жана ...графия) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин тарыхы, ошондой эле белгилүү бир доорго, темага арналган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы катары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых материалдарынын топтолушун, тарыхый окуяларды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илиминдеги методологиялык багыттардын алмашышын, тарыхый көз караштардын, коомдук-саясий ойлордун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). Историография архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп булактары сыяктуу тармактар менен тыгыз байланышта өнүгүп келе жатат. Историография конкреттүү тарыхый эмгектердин материалдары боюнча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. Историография окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. Историография тарыхый булактарды жана историографиялык эмгектерди анализдөө менен катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жолдору менен методдорунун өнүгүү тарыхын чагылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]