Исфанжайлоо, тоо

Википедия дан

Исфанжайлоо, тоо – Фергана тоо тизмегинин бир тармагы. Карасуу (чыгыш), Кайыңды жана Карүңкүр сууларынын суу бөлгүчү, Кеңкол тоосунун батышында жатат. Базар-Коргон жана Ноокен р-ндорунун аймагында. Узундугу 34 км, туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери 3701 м, кыры негизинен тайпак келип, байыркы түздүктүн калдыктары кездешет.

Капталдары коктуколоттуу, капчыгайлуу (Эспе, Жаңгакты) жана тик.тоодон Жаңгакты, Шалдырак, Эспе, Кайыңдысуу (Чыгыш Карасуунун куймалары), Кызылүңкүр суулары (Карүңкүрдүн башы) башталат. Негизинен карбон менен девондун андезит-базальттуу порфирит, туф, кумдук, сланец конгломерат тектеринен турат. Ландшафтында дарак, бадал аралашкан талаа жана шалбаалуу талаа (2600–2700 мге чейин), жаңгак токойлуу бийик чөптүү шалбаа (2700–3000 м), субальп жана альп шалбаасы (3000–3500 м), андан жогору жылаңач субнивалдык алкактар басымдуу. Жайыт; айрым жерлери чабынды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]