Ис уруу
Ис уруу – көмүртек кычкылы (СО) ис газы менен уулануу. СО жытсыз, түзсүз, өтө ууландыруучу газ. Органикалык заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат. Тиричиликте меш жагуу эрежесин бузганда, ошондой эле кыймылдаткычы иштеп турган автомобилдин ичинде уктаганда ж. б. учурларда ууланат. Ис организмге кирип, оксигемоглобиндин кычкылтегин сүрүп чыгарып, зыяндуу карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетишсиздик пайда болуп, ткандардын дем алуусу жана организмдин бардык системаларынын иши бузулат. Уунун организмге кирген өлчөмүнө жараша уулануу оор же жеңил жана катуу кармаган же узакка созулуучу өнөкөт түрлөрү болот. Анын белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап, алсырайт. Өтө ууланганда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу менен аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүрт болуп, тырышат. Врачка чейинки биринчи жардамда оорулууну тез таза абага чыгарып, нашатырь спиртин жыттатуу, көкүрөгүнө сүртүү керек. Андан кийин дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5