Ительмендер

Википедия дан

Ительмендер, ительмень, итэнмьи («жергиликтүү калк») – Россия Федерациясынын калкы. Камчатка жарым аралынын чыгышында (Коряк автоном округу, Тигиль району; 1179 киши) жана Магадан облусуында (509 киши) жашашат. Жалпы саны 3,2 миң киши (2002). Ительмен (камчадал тили), ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин православие тармагын тутушат. 17-кылымдын аягында Камчатка жарым аралына орустар келген мезгилде алардын саны 13 миң болгон. Ительмендер ал жерге отурукташкан эл болуп, алгачкы коомдук түзүлүштө жашашкан. Алар аңчылык, балыкчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишип, таш жана сөөктөн жасалган эмгек куралдарын колдонушкан. Ительмендер жер төлө жана пирамида сымал чатырларда жашашып, аң терилеринен тигилген тон, шым, аялдары куртка менен шымы бириктирилип тигилген кийим-көйнөк кийишкен. 18-кылымдын ортосунда орустар менен аралаша баштап, натыйжада ительмендер-камчадалдар пайда болгон. 20-кылымдын аягында ительмендер этностук өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили, маданияты, үрп-адат, салттары өнүгүп, калктын саны өскөн. Учурда ительмендердин көпчүлүгү мал чарбачылык, курулуш жана өнөр жай тармактарында иштейт. Калктын 40%и шаарларда жашайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]